Казылар менен жолугушууда бирдиктүү намаз убактысын так сактоо, имамдардын квалификациясын жогорулатуу боюнча маселе да каралды

Кыргызстанда никеси кыйылгандарды атайын журналга каттоо тартибин киргизүү боюнча маселени муфтий Максатбек Токтомушев өзү көзөмөлгө ала турган болду. Бул туурасында Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.

Аталган маселени Токтомушев өлкө аймагындагы казылар менен жолугуп, аймактарды өнүктүрүү жылына карата муфтият жана облустук казыяттар тарабынан аткарылуучу иштер боюнча тапшырмасын берип жатканда айткан.

Никеси кыйылгандарды атайын журналга каттоодон сырткары бирдиктүү окуу программасын жана бирдиктүү хутбаны күчөтүү жана көзөмөлдөө, бирдиктүү намаз убактысын так сактоо, имамдардын квалификациясын жогорулатуу тууралуу тапшырмалары берилген. Андан сырткары, жашылдандыруу ишин күчөтүү жана мечиттер, социалдык объектилерди тазалоо жана бак отургузууну жандандыруу иши колго алынмакчы.

Булак:sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here