Чагылган: Бишкектеги түнкү клубдардын биринде кыздардын жылаңач болуп чечингени тартылган тасманы «репортёр» таратты. Бул видео качан, кайсы клубда тартылганы белгисиз. Анда кыз үстү жагын толук чечип салып, бийлеп жатканын көрүүгө болот. Эске сала кетсек, жакында эле Алматыдан кыздарды жыпжылаңач кылып чечинткен түнкү клубдагы окуя, казак коомчулугунда, кыргыз коомчулугунда да кызуу талкууга алынган. Жыйынтыгында казак бийлиги ошол клубду жаап, аны уюштургандарды жазалаган эле. Эми ошол оору бизге жеткенби? Мындан башка, аз күн мурун  Бишкектин дагы бир түнкү клубунан диджелейдин наркотикалык заттарды табышканы маалым. Деги эле, түнкү клубдарды түбү менен түрттүрүп салса, ажап болот эле. Пайдасына карганда зыяны опол тоодай болуп, ал жаштарга тийип жатканын көрүп эле жатабыз. Бийлик бул маселе боюнча качан үн катат?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here