Чагылган: Саламаттыкты сактоо министрлиги өткөн түнү катуу суукта эки адам суукка тоңуп өлгөнүн кабарлады. Алардын сөөгү Чыңгыз Айтматов жана Насирдин Исанов көчөлөрүнөн табылган. Экөө тең үй-жайысыз адамдар. Мындай катуу суукка байланыштуу Бишкек шаардык мэриясы шаардын бир катар жерлерине ондогон жылынуучу чатырларды тиккен. Эки күн ичинде ал жылынуучу алачыктарга 750дөн ашуун адам кайрылган. Ал эми Тез жардам кызматынын машинелери да чакырууларга өз убагында жете албай жатканы маалым болду. Анткени, суукта машинелердин көбү от албай калып жатканы айтылууда.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here