Бишкекти жылуулук менен камсыздаган бул маанилүү объект күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат
Эртең мененки саат 07.00гө карата ТЭЦте иш ыргагы туруктуу, шаарга жылуулук беш түйүн менен кетип жатат. Бул туурасында «Электр станциялары» ишканасынан кабарлашты.
Анткен менен абал толугу менен кубантарлык деп айтууга эртелик кылат, жылуулук мурдагысындай болуп толугу менен бардык бишкектиктердин үйүнө келе элек.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram-группасына шаардыктардан дагы деле нааразылыктар түшүп жатат.
Белгилей кетсек, 26-январда кечки саат 18:00дө Бишкек ТЭЦинин эски буу казандарына суу берген куур иштен чыгып, кубаттуулугу 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылган болчу. Анын айынан шаардагы көп кабатуу үйлөр менен социалдык объектилерге берилген жылуулуктун табы бир топ төмөндөгөн. Тийиштүү органдын өкүлдөрү авария бүгүн кечки саат 22:00гө чейин жолго коюлат деп ишендиришкен.
Булак sputnik.kg