Чагылган: Баарыбызга маалым болгондой  26-январда кечки саат 18:00дө Бишкек ТЭЦинин эски буу казандарына суу берген куур иштен чыгып, анын айынан кубаттуулугу 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылган болчу. Мындан кийин, натыйжада Бишкектеги  көп кабатуу үйлөр менен социалдык обүектилерге берилген жылуулуктун табы бир топ азаып кетип, элдин нааразычылыгы күчөп  кеткен. Өкмөт ошол күнү  саат 22:00гө чейин жолго коюлат деп ишендиришкени менен андан бери алгылыктуу жыйынтык чыккан жок. Учурда да ТЭЦ өз кубаттулугунда иштей албай турат. Көп кабаттуу үйлөрдөгү жылуулык мелүүн абалда. Албетте, мындай көрүнүшкө эл нааразы. «Мактаган кыз тойдо оусурат»  дегендей. Капиталдык  ремонттон толугу менен өттү, далай жабдыктары алмаштырылып, акыркы технология менен иштеп жатат деп укмуш мактап жаткан Бишкек жылылуук борбору (ТЭЦ) минтип 25 градуска жеткен суукта толук күч кубаты менен иштей албай, арым от казандар иштен чыгып калды. Эске сала кетсек, ТЭЦти Кытайдан 386 млн. доллар насыя алып, ал акчаны элдин мойнуна төлөмөр кылып, Кытай компаниясына  оңдотушкан. Ошондой болсо да оңдотушканы жакшы болду. Бирок Кытай деген кытай. Кытайдын бир аты «сомапал». Сапатсыз жабдыктар коюлганы ушундай суукта ачыкка чыгып калды. Ал эми ага кеткен кайран 386 млн. доллар өтө чоң акча. Бул жерде мынча акчанын далайы туура эмес сарпталып, уурдалып кеткенби деген шек туулбай койбойт. Ушундай акчага жаңы ТЭЦ салып койсо деле болмок деген ойлор да арбын айтылган болчу. Бирок баары башкача болду. Бийликтин шалаакы  мамилесинен айынан минтип элибиз суукта үшүп жатат. Буга ким жоопту? Же бийлик тонгон элге жууркан таратып эле «жылытып» алабыз деп турабы? Ал эми ошол учурда ТЭЦтин жаныланышын ошол кезде КТРК баштаган бийлик ЖМКлары укмуш чагылдырышып, укмуш мактаган эле, аны береги тасмадан көруугө болот:

"На ТЭЦ перебоев не будет, зимой сбоев не будет"- лапша режима

Опубликовано БеспределKG Пятница, 26 января 2018 г.

Урмат Кабылбеков

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here