ӨКМдин куткаруучулары бүгүн, 28-январда борбор калаада жылынуу пункттарын уюштуруу үчүн чатырларды тигүү иштерин улантышат. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, суукка жана Бишкек электр жылуулук борборундагы аварияга байланыштуу кечээ, 27-январда саат 20:00 чамасында чатырлар, жылуулук берүүчү жабдуулар, жууркан-төшөктөр жана башка керектүү буюмдар Бишкектин 4 районуна бөлүштүрүлгөн.
Жалпы 30 чатыр бөлүнүп, анын ичинен 8 чатырды резерв үчүн сактап коюшкан.
Бишкек жылуулук борборунда 26-январда кечинде авария болуп, жылуулук берүүдө көйгөйлөр жаралган. Кийинчерээк таратылган расмий маалыматта ЖЭБде жарылуу же өрт болбогону айтылды. Ал эми, өкмөттүн 27-январда кечиндеги маалыматы боюнча, авариянын кесепеттери жоюлуп, шаардыктарды жылуулук менен камсыздоо аракеттери улантылып жатат. «Электр станциялары» ААК бүгүн, 28-январда саат 07:00гө карата абал туруктуу жана күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышканын билдирди.

Адистердин айтымында, өлкөдө абанын мындай төмөнкү температурасы 2002-жылы болгон. Абанын температурасы акыркы суткада Суусамыр өрөөнүндө -40 градустан ашса, Нарында -35 градусту көрсөттү. Ал эми, Бишкекте 30-январга чейин суук -30 градуска жете турганы эскертилген.
.turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here