27-январда кечки саат төрт чамасында Бишкек шаарынын четиндеги Ак-Бата жаңы конушунда 45 жаштагы С.Батыров аттуу адам аты менен тоңуп турган сууга түшүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Суудан аты чыгып  өзү чыга албай калган. Бирге ойноп жаткандар аны издегени менен натыйжа чыккан эмес.  Куткаруучулар окуя болгон жерге барып, саат 17:20да суудан каза болгон адамды алып чыгып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жакында Ошто улакчылар 12 жаштагы баланы тебелеп кеткен окуя да болду. Тилекке каршы, ал бала каза таап калган.

Дордой жактан улак ойноп жатып ат менен сууга тушуп кеткен адамдын соогу табылды

Опубликовано З. Окенбаевой Воскресенье, 28 января 2018 г.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here