ӨКМдин маалымат кызматы мындаймаалымат таратты:

ӨКМдин эки унаасына 30 чатыр, 20 генератор, 30 меш, 300 жууркан жүктөлүп, 25 куткаруучу менен Бишкек шаарына саат 21:30да келишкен. Азыркы учурда Ленин районуна жети чатыр, жети меш, 70 жууркан, Биринчи Май районуна беш чатыр, беш меш, беш жууркан таратылды. Учурда Октябрь жана Свердлов райондоруна да жеткирилүүдө. Ал эми генераторлор атайын буйрукка чейин Бишкек шаардык куткаруу кызматына түшүрүлдү«, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин мындай тапшырма Сапар Исаковдон берилген болчу. Эмесе, жуурканга муктаждар кезекке тургула. Ошондой эле борбор калаанын жашоочуларына жылытуу пункттары жана ысык тамак уюштуруу иштери башталганы буга чейин айтылган болчу.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here