Айсанат  бүгүн сабагынан  кечирээк чыкты. Акыркы сабак баягы мактанчаак агайдыкы болчу. Ал  дайыма ушинтип өзүнүн качанкы бир  эмгектерин айта берип, коңгуроодон кийин да студенттерди кармап  убактысын алат. Сабактан эптеп бошогон  студенттер  имараттан агылып  чыгып, туш-тушка тарай башташты. Айсанат  кыздардан бөлүнүп басып, саатына бир карап алып, түз эле  мэрияны көздөй шашып жөнөдү. Кеч күз суугуна тартып, жамгыр жаай тургансып нымтырап, кыштын жакын калганын  кабарлап турат.

Айсанат  төртүнчү курста окуйт. Башка кыздардай көчөдө  шыңкылдай басып балмуздак жеп  же жаштар көңүл ача турган жерлерге барууга анын шарты жок. Өзү деле андайды табиятында  жактырбайт. Алты  бир туугандын эң улуусу. Кичүүлөрү мектепте окушат. Апасы жалгыз бой аял. Алыскы тоолуу айылда турушат. Булар кичине кезинде эле атасы автокырсыктан каза болуп калган. Апасы балдарын эптеп чоңойтом деп көп азап тартты. Жарды турмуштун айынан  кийин оорукчан да болуп калды.

Айсанат кичинесинен эле тирикарак, зээндүү кыз болуп чоңойду. Мектепте абдан жакшы окуду. Ошон үчүн жогорку окуу жайга өз күчү менен өтүп кетти. Бирок  жалгыз бой энесинен жардам болбогондуктан кыйналды. Биртике стипендиясы эч нерсеге жетпейт. Ошон үчүн сабактан кийин кечкисин иштеп акча табат. Мына азыр да жумушуна бара жатты. Мэрияга пол жуугуч болуп орношуп алган. Буга чейин да кечкисин кафеде идиш жуучу. Ага абдан эле аз төлөшчү. Убактысы да көп кетчү. Азыр болсо  күнүгө кечки саат жетиден  тартып  мэриянын имаратында өзүнө чектелген бөлмөлөрдү, коридорлорду жууп тазалап, эшик-терезелердин чаңдарын сүрүп чыгат.

Айсанат арык чырай, шыңга бойлуу, көздөрү бакыракай, коюу чачы белине түшүп турган  аксаргылынан келген жылдыздуу кыз. Мүнөзү токтоо болгону менен жан дүйнөсүндө кыялкеч.  Ички дөйнөсү дайыма уйгу-туйгу болуп турат. Көп нерсе жасагысы келет. Кыздарга тиешелүү кошумча өнөрлөрдү  да окуп үйрөнсөм дейт. Өзү дилгир, көргөн укканын бат өздөштүрөт. Башка кыздардай  жарашыктуу кийингиси келет. Кандай көйнөк кийсе да ага жарашып каларын билет. Анткени мүчөсү колго жасагандай татына.  Анан да көбүрөөк акча таап айылдагы апасына жардам берсем деп ойлойт. Ага азырынча чамасы келбейт. Ой жеткен жерге кол жетпейт. Өзү студент болсо кайдан…  Шаарда жок дегенде бир бөлмөлүү  үйүм болсо, бөбөктөрүмдү мында алып келип окутсам, алар да тил үйрөнүшсө, апамды чоң догдурларга көрсөтсөм деп кыялданат. Бирок ага кудурети   кайдан жетет. Анан кээде кыялдарга батат. Кө-өп  акча таап алсам дейт. Ою менен байып, тээ ата-бабасы көрбөгөн чет өлкөлөргө чейин  кетип калат.

Пол жууп тапкан акчасы деле жарытылуу эмес. Бирок жоктон көрө күнүмдүк баскан-турганына  огожо болот.

Мына азыр да келип мэриянын жаркыраган бөлмөлөрүн, коридорлорун  жууп, килем-килчелерин тазалап жатты. Сөзгө  калбайын деп ал ишине тыкан. Анын үстүнө ал шаар башчысынын кабинетин жууйт. Демек, жоопкерчиликтүү.  Убактысын коротпош үчүн Айсанат  тез-тез иштеп, жумушун ылдам бүткөрдү. Ал дайыма ушинтет. Бүтөрү менен мээлейин, халатын чечип, жуунуп  кайра тызылдаган бойдон жатаканасына келет. Күнүгө кечте ушул ишин кайталайт. Бирок кээ күндөрү  кармалып калат. Анткени шаар башчысы кээде иштен кеч кетет. Андай учурда  айла жок анын кетишин күтүп, коридордогу креслодо китеп окуп олтуруп калат.

Шаар башчы толугураак  келген,  бирок көрүнүшү салабаттуу, чачын ак аралай баштаган, болжол менен алтымышка барып  калган киши. Балким, андан да улуудур, ким билет. Сыртынан караганда сүрдүү көрүнөт. Мекемеге кирип чыкканда коридордогу, кабылдамадагы адамдарга таптакыр көңүл бурбайт. Салам айтышса уктум дегендей,  карабай туруп эле баш ийкеген болуп коёт. А ички жан дүйнөсүндө дагы  кандай адам экенин ким билсин? Ага ким кызыгып көрүптүр.

Бир күнү да Айсанат  коридордо  анын кетишин күтүп олтурса шаар башчы сыртка  тамеки тартканы чыгып,  бу кыз беймаал эмне олтурат дегендей түр менен суроо салды.

—  Кызым, сен кимге келдиң эле?

Айсанат  ордунан тура калды.

— А мен бул жерде иштейм, пол жууйм. Сиздин бөлмөнү жуюн деп күтүп олтургам, — деди.

— А жакшы. Мен азыр кетийинби анда?  — Ал кызды сынагандай көз менен алдыртан карап калды. Анын сөзү какшыкпы, тамашабы  же чындап эле сурадыбы  Айсанат  түшүнө албай  ыңгайсызданып кетти.

— Жок. Иштей бериңиз. Мен күтүп олтура берем…

Дагы туура эмес сүйлөп алдымбы, — деп  ал ого бетер оңтойсузданды.

— Жок, кет десең кетип деле калайын? – деп шаар башчы тамекисин кутусунан сууруп жатып көзүнүн кыйыгы менен Айсанатты сынагандай алдыртан тиктеди. Анын тамашалап жатканын түшүнгөн кыз эми унчукпай калды.

— Кабинетке кирип олтуруп турчу,  сүйлөшөлү, — деди да ал  тамекисин тартканы ары басып кетти. Айсанат   “Бишкек шаардык администрация башчысы Айдар Сариев”   деген жазуусу бар эшикти ачып   кирип,  жумшак  орундукка коомай олтурду. Эмнени сүйлөшөт же таза жуубай жатасың деп айтабы?  Же мындан кийин таң эрте келип жуугунуң дейби? Ушундай чоң кызматкер майда сөздү айтмак беле?  Айсанат сарсанаа боло баштады.

Чындыгында Айдар Сариевич  кызды мурда эле байкап, көз кыйыгын салып жүргөн. Ыңгайын таап  сөзгө тарткысы келип  жүргөн.

Анан ал  сырттан кирип,  ордуна барып шашпай олтурду.

—   Та-ак,  атың ким?

—   Айсанат.

—   Айса-на-а-ат!   Күндүз башка жерде да иштейсиңби же…

—   Жок. Күндүз окуйм, студентмин.

—   Аа, түшүнүктүү. Демек, стипендия жетпейт. Туурабы?

Айдар Сариевич кызды суроолуу карады. Айсанат унчукпады.

— Та-ак, жашаган жериң кайда?

— Жатаканада турам кыздар менен.

—  Ата-энең, бир туугандарың барбы?

—  Апам бар. Алты  бир тууганбыз. Мен улуусу…

—  Өзүң жатаканада жашасаң, анан минтип кечинде иштесең, кантип сабак окуйсуң?

—  Окуйм. Жетишип эле жатам.

— Студентке дайыма жардам керек. Мен аны билем. Жакшы окуш үчүн курсагы ток, жашаган жери ыңгайлуу болушу керек. А жатаканада эмне… көпчүлүк менен  шарт жок да, туурабы?

Шаар башчы Айсанатты эмне дейт дегендей тиктеп калды. Айсанат туура дегендей баш ийкеди. Тиги киши сөзүн улады.

— Мүмкүн сырттан окуу бөлүмүнө которулуп алып, жакшыраак, акчасы көбүрөөк жумушка иштээрсиң? Ошентсең болобу?

— Билбейм. Антип ойлонуп көргөн эмесмин.

—  Анда ушуну ойлонуп көрбөйсүңбү? Жакшы жумуш табылат. Балким, мага жардам берерсиң. Анын үстүнө сендей татына кызга күнүгө пол жууп жүргөн жарашпайт экен. Мен деле ар кимге жардам бере бербейм. А сен адептүү жакшы кыз экенсиң. Сендей кыздан жардамымды  эч аябайм.

— Рахмат байке,- деди Айсанат жакшы сөзгө ыраазы болгондой. Анын байке дегени  Айдар Сариевичке жага түштү. Тартмасынан кичинекей кооз  кагазды алып чыгып кызга сунду.

— Мына менин даректерим. Чөнтөк телефонума каалаган убагыңда чала берсең болот. Жардам керек болсо эч тартынба.  Жанагыны ойлонуп көрүп мага жообун бер, макулбу?

—  Ойлоноюн байке, — деп кыз ордунан турду.

* * *

Айсанат  кыжалат ойлордо калды. Сырттан окууга көңүлү тарткан жок. Бирок маянасы  көбүрөөк  жумушка иштээрин ойлосо  кайра которулсамбы дейт.  Апасына кеңешип көрсөчү? Ал деле өзүңдүн ыңгайыңа кара дейт го. Бирок  шаар башчы ага эмне үчүн  кам көргүсү келип жатат? А балким, ал ушундай боорукер адамдыр…  Же Айсанатка  көз артып, аны өзүнө жакындаткысы келип жатабы? Кантсе деле анын айткандары туура болуп жатпайбы. Анын үстүнө жардам берем дейт. Мүмкүн жетекчи катары кам көрүп жатат го. Азыр ага кам көрө  турган адам кайдан табылат эле? Жардам керек болсо эч тартынбай телефон чал дебедиби.

Мына ушундай арасат ойлор менен жүрдү Айсанат. Бир чечимге келе албай жүргөндүктөн кечкисин жумушуна барганда шаар башчы менен көрүшүп калбаганга аракет кылды. Мурдагыдан кечирээк келип жүрдү. Арадан бир топ күндөр өттү. Бир күнү тепкичтерди шыпырып жүрсө, Айдар Сариевич  аны өзүнө чакыртып алды. Көрсө, ал кете элек экен. Мени эмгиче унутуп калды болушу керек деген эле. Унутпаптыр. Айсанат  халатын чечип,  колун жууп, чачтарын оңдоп-түзөп алып,  анын кабинетине баш бакты. Тиги киши ордунан тура калып, кыздын жанына келип кол берип учурашты. Анан экөө катар олтурушту.

—  Окууңду ойлондуңбу? Эмне кылмак болдуң? – деди шаар башчы көптөн берки жакын таанышындай камкор мүнөз менен кайрылып.

—  Ойлондум. Ректордун наамына  арыз жазыш  керек экен. Дагы бир справка керек дейт. Анан… –  кыз унчукпай калды.

—  Анан дагы эмне экен?

—  А сырттан окугандар жатаканага жашаганга болбойт экен.

—  Ошол элеби?  Сен арызыңды таштап  коё бер. Калганы бүтөт.  А тиги жатакана жагынан кам санаба. Биздин кызматкерлерге убактылуу жашап турганга атайын үй берилет. Шарты бар жакшы үй. Эч ким сага жолтоо болбойт. Каалагандай жашайсың. Каалагандай окуйсуң.

Кыз макул болгондой  унчукпай калды. Шаар башчы ордунан туруп терезе жакка басты. Сыртта караңгы кирип, караңгы менен кошо кар жаап келди. Мэриянын алдындагы бийик шам чырактардын жарыгында жааган кар  жылтылдап көздү уялтат. Быйылкы  кыштын биринчи кары.

— Мына, кыш да келди, — деди Айдар Сариевич  Айсанатты дагы сөзгө тарткысы келип. Терезе жакты жалт караган кыз жаап баштаган карды көрүп жылмайып койду. Анан ордунан туруп, кетүүгө камынды.

Ал күнү Айсанатты  шаар башчынын машинеси  жатаканасына жеткирип койду. Башта эки анжы ойлордо жүрсө эми анын камкордугун Айсанат  ичинен жактыргансып жүрдү. Ал тургай  манжаларын коомай кармап өзүнө тартып колунан  өөп койгону да жакты. Андан кандайдыр бир жылуу, купуя мамилени сезди. Эми ал Айдар Сариевич  жөнүндө көбүрөөк ойлоно баштады. Аны өзүнө жакын сезе баштады.

Элмира  Ажыканова       

Ledy.kg 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here