Бүгүн Бишкектин бир катар бөлүгүндө электр жарыгы өчүп калды. “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз катчысы Гуля Мураталиеванын “Азаттык” радиосуна кабарлашынча, электр энергиясына суроо-талап көбөйгөн учурдан баштап шаардын ички райондорунун айрымдарында электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган.

— Учурда ЖЭБге байланыштуу айрым райондордо электр энергиясы үзгүлтүккө учураганы байкалды. Электр энергиясын көп пайдалангандан улам Асанбай, Туңгуч кичи райондорунун бир бөлүгүндө жарык өчкөн. Көк-Жарда калыбына келтирилди. Ак-Ордо конушунда жарык өчкөн. Азыр бригадалар жер-жерлерде иштеп жатат.

26-январда ЖЭБ (ТЭЦ) эски агрегаттарга суу бөлүп берүүдө колдонулган айрым жабдуулары убактылуу иштен чыкканына байланыштуу Бишкек Жылуулук электр борборунун кубаттуулугу 350 МВттан 154 МВтка чейин кыскартылган.

Булак: Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here