Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу Бишкектеги ооруканалар, өзгөчө төрөт үйлөрү электр жылыткычтарын пайдаланууга өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова кабарлады.

— Биз төрөт үйлөрүндөгү абалдан да кабар алып, сурап жатабыз. Азырынча жылуу болуп жатканын айтышты. Каалганы бекем жаап, жылуулукту сактаганга аракет кылып жатабыз. Эгер ТЭЦ оңдолбой баратса жылыткычтарды пайдаланабыз.

Бүгүн эртең менен саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Улуттук госпиталдын абалы менен таанышты. Ал ар бир палатаны жылыткыч менен камсыз кылуу мүмкүн эместигин айтып, бейтаптарды жылуу кийинүүгө чакырып, аларга кошумча жууркан берүүнү тапшырды.

26-январда ТЭЦтин эски агрегаттарга суу бөлгөнгө керектүү бир жабдуусу иштен чыкканына байланыштуу Бишкек Жылуулук электр борборунун (ТЭЦ) электр кубаттуулугу 350 МВттан 154 МВтка чейин кыскартылган. Мындан улам үй жылыткан батареядагы суунун температурасы 84 градустан 62 градуска төмөндөгөн. Шаардын жашоочулары ызаарда үйү жылыбай жатканына арызданышууда.

«Кыргызгидрометтин» маалыматына караганда, Бишкекте 27-январда абанын температурасы түнкүсүн -22…-24, күндүз -16…-18 градус болуп жатат.

Булак:Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here