Организминде майы көбүрөөк аялдар арыктарга караганда эмчек рагына көбүрөөк чалдыгат. Бул тууралуу рак илдетин изилдөөчү америкалык ассоциацияга шилтеме берип РИА Новости жазды.

«Таңкалычтуусу май организмде өтө ашыкча болбосо дагы рак клеткаларынын пайда болушуна таасир этиши мүмкүн», — деди АКШдагы Корнелл университетинин окумуштуусу Эндрю Данненберг.

Акыркы иликтөөлөр май сөөккө күч келтирүү, метаболизмди начарлатуу, кант диабетин пайда кылуудан тышкары, мээни эрте карытып, эмчек рагынын пайда болушуна алып келерин көрсөткөн.

Окумуштуулар 16 жыл ичинде 3,5 миң аялды иликтеп көрүп, алардын арасынан организминде майы көбүрөөктөр эмчек рагына кабылганын аныктаган.

Ал эми адамды жынысына карап «тандаган» ооруларды айта турган болсок, боор рагы эркектерге көбүрөөк жабышат экен.

Улуттук онкология жана гематология борборунун абдоминалдык жана жалпы онкология бөлүмүнүн онкохирургу Сүйүтбек Дөөлөтбековдун айтымында, бул илдетке жылына 400 адам кабылса, алардын 250гө жакыны эркектер болот.

Булак:sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here