Путиндин кызы делген Катерина Тихонова көпчүлүккө таанымал миллиардер Кирилл Шамалов менен ажырашып кеткенин орусиялык ЖМКлар байма-бай жазышууда. Бирок азырынча бул маалымат расмий түрдө жарыялана элек. Өздөрү да бул маселе боюнча билдирүү таратыша элек. Айрым маалымат каражаттары Тихонова менен Шамалованын ажырашкан себебин  Крилл мырзанын нефтихимиялык «Сибур» компаниясындагы үлүшүн сатуусу менен байланыштуу деп жазып чыгышса, айрымдары бул маалыматты четке кагышууда. Крилл Шамалов — Путиндин досу Николой Шамаловдун уулу. Бирок Катерина Путиндин дал өзүнүн кызы экени тууралуу анык маалыматтарды табуу кыйын. Бул тууралуу Путин да эч кандай билдирүү кылган эмес.

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here