Чагылган: Орусиянын борбору Москвада уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү делип, каттоого алынып келген үч кыргыз жигити кармалганын ИИМдин басма сөзү кабарлады. ИИМ маалыматында: бул үч кыргыз жигит  Москвада жасалма акча жасап, аны менен соода кылышып ж.б. ыкмалар менен элге таратып бизнес кылып жүрүшкөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болушкан.

Кармалгандар: 1984-жылы туулган М.И., 1994-жылы туулган М.А., 1986-жылы туулган Ш.М. Алардын жанынан 50 миң рубль жасалма акча табылган. Кылмышка шектелген кыргыз жигиттери Ош шаарынан болушат. Мындан тышкары, булардын бири буга чейин Кыргызстанда адам өлтүрүүгө шектелип  издөөгө алынса, дагы бири аадм өлтүрүүгө аракет кылган деп соттолуп чыккан.  

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here