25-январдан баштап  Ирандын Бендер-Мехшехр шаарында өтүп жаткан Takhti Cup 2018 эл аралык турниринде Кыргызстандын спортчусу Каныбек Жолчубеков грек-рим күрөшү боюнча  60 кг чейинкилер арасында күч сынашып, жеңүүчү болду.

Ал жарым финалда казакстандык спортчу Дастан Жарлыхановду 11:1 эсебинде, финалда ирандык Мехрдад Мардани менен күрөшүп, 6:0 эсебинде утуп алган.

Ал эми Калы Сулайманов аталган турнирде 63 кг салмакка чейинкилер арасында күч сынашып жеңүүчү болду.
Аталган медаль Кыргызстан үчүн Takhti Cup турниринин тарыхындагы алгачкы байге болуп эсептелет.
Эки балбаныбызды «алтын медаль» женип алышы менен куттуктайбыз

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here