Чагылган: Эки күндөн бери  «Азия-ньюс» гезитине берген маегинен улам жалпы элден ар кандай катуу сындарды, ал тургай каргыштарды да угуп, тепки жеп жаткан Камчыбек Жолдошбаевге баары бир экен. Бекеринен Садык Шернияз аны «Даңгыт» деп атабаса керек. Чынында бул адамдын деңгээлине тырмакчанын ичиндеги баракелдени айтыш керек. Ошол берген маегин такыр жокко чыгаргысы келип жатабы, айтор маалымат каражаттарынын бирине Азия-ньюсту «көрүнгөндү жаза берген маалымат каражаты» деп атаптыр. Оозун көптүрүп, көрүнгөндү  сүйлөсө ошону жазышат да. Же бул адам такыр эле ал гезитке маек берген эмеспи? Төрөбаев менен Кулмамбетова тууралуу кеп айтпагынын улам айтып, эми  безилдеп  калыптыр. Бул жагын гезиттин жамааты жакшылап, кооздоп түздөп, кийинки жумада айтып беришер. Балким, гезит сандыгында Камчыкеңдин мас болуп алып айткан же, өтө берилип кетип айткан дагы бир канча «шедевр» билдирүү, пикирлери сакталып тургандыр. Кыскасы, Жолдошбаевдин бул жолку жоругу өзүнө өтө катуу сокку болуп тийип жатканын өзү билмексенге салып тургансыйт. Бирок элдин сыны жаман. Элдин сыны көпкөн, мансапкор, далай зөөкүрлөрдү ордуна коюп келген. Бул жагын да  эске алуу керек, эсербайлар…

Урмат Кабылбеков

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here