Милициянын отставкадагы генерал-майору, ИИМдин экс-министри, Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика-Ата-Журт» фракциясынан депутат Зарылбек Кылычбекович РЫСАЛИЕВ менен маек

— Акыркы мезгилде сиз Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу тууралуу маселе көтөрүп келатканыңызды билебиз. Бул нерсе сиздин мекенчилдик, жердешчилдик сезимиңизден уламбы же улуу жазуучунун 90 жылдыгына карата элдин сынына алып чыгып жатасызбы?

— Бул ой менде мурдатан эле бар болчу. Бирөө туура көрсө, башка бирөө каршы дегендей, түрдүү пикирлер болот экен да. Экинчиден, быйыл Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин алкагында Бишкек шаарындагы райондордун бирине анын атын ыйгарсак туура болоор эле. Чыңгыз Төрөкуловичти тааныбаган ким бар? Союз мезгилинде Лениндик, СССРдин мамлекеттик сыйлыктардын ээси, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын баатыры. Нобель сыйлыгын гана алууга үлгүрбөй калганы болбосо. Нобель сыйлыгын ыйгаруу комиссиясынын кезектеги жыйыны ноябрда болмок экен. Чыңгыз агабыз июнда каза болуп отурбайбы?

Чыңгыз Төрөкуловичтин атын борбор шаардын райондорунун бирине, тактап айтсак, Биринчи Май районуна ыйгарсак туура болчудай. Себеби, бул улуу инсан ушул райондун аймагында жашап өткөн. Эстелиги турат. Ал биздин мамлекеттин алкагындагы партиялык-советтик функционер эмес. Ал кыргызды дүйнөгө тааныткан, элибиздин деңгээлин ар тараптуу көкөлөткөн дүйнөлүк масштабдагы улуу инсан. Ошондуктан, чет жакта жүрүп: кыргызмын десең түшүнбөшү мүмкүн, Чыңгыз Айтматов десең дароо түшүнөөрү да бекеринен эмес.

— Жазуучу менен жеке тааныштыгыңыз бар беле?

— Жок. Чыңгыз Айтматов менен бир да жолу сүйлөшкөн эмесмин.

— Бишкектин төрт району тең орусча аталышта. Аларды Айтматов, Усубалиев, Масалиев, Раззаков райондору деп атасак деп парламенттин трибунасынан башта да көтөрүшкөн эле. Ушул маселе тууралуу Жогору Кеңеште сөз болобу? Же баары акчага такалгандыктан…

— Чечүүнү талап кылган нерсенин баарын каражатка такай берсек кандай болот? Ариет-намыс, улуттук сыймык деген нерсе да керек да. КМШ өлкөлөрүнүн баарында эле бул маселе чечилип жатпайбы.

— Сиз адабият менен искусствого тиешеси жок кесиптин өкүлү болсоңуз да, эмне үчүн бул маселени Айтматовду мыкты билгендер эмес, өмүр бою милицияда иштеп келген киши көтөрүп жатат? Ушул нерсе таң калыштуу

— Ар кимдин ички дүйнөсү ар кандай болот эмеспи. Анын үстүнө Чыңгыз Төрөкуловичтин 90 жылдык маарекесинин алдынан депутат катары бул маселени көтөрбөсөм болбочудай сезилди. Кыргызда ар кайсы мезгилде эмгеги сиңген улуу инсандар көп да. Ошолордун ичинен эң көрүнүктүүсү, дүйнөлүк деңгээлде жалгыз эле Чыңгыз агабыз болуп жатпайбы. Эгерде агабыздын тирүү кезинде айткан керээзи болбогондо, бул залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сөөгүн Таласка — ​бабабыз Манастын күмбөзүнүн жанына койсок кандай гана ылайыктуу, орундуу болмок. Дүйнө эли кыргызды Чыңгыз Айтматов аркылуу тааныгандыгын эске ала турган болсок, анда ал кишиге баа берүүгө мүмкүн эмес.

Тарыхка тереңдебей эле, Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду алалы. Ал кишини дүйнөлүк тарыхтын казыналарынын бири болгон Самарканд шаарына — ​өзүнүн туулуп-өскөн шаарына коюшту го. Эми, минтип, дүйнө саякатчылары куруучуларынын тарыхый эмгектерине гана эмес, Самарканддагы Каримовдун мүрзөсүнө да сыйынып кетишүүдө.

— Бул маселени эмне үчүн өз убагында көтөрүп чыккан жоксуз?

— Көтөрүп чыксак да болмок. Бир чети, бул жерде, саясат ойноп кетти сыягы. Экинчи жагынан, биз, мен жазуучунун жердеши катары, айкөлдүк кылып дегендей, бул маселени башкалар көтөрүп чыксын деген да ойдо болдум окшойт.

— КМШ өлкөлөрүндө союз ыдырагандан бери бардык орусча аталыштар алмаштырылган. А бизде болсо ошол бойдон эле турат…

— Мисалы, кошуна казактар, өзбектер, тажиктер көптөгөн жер аттарын өзгөртүштү. Бизде деле өзгөртүлүп келатпайбы. Мисалы, Таласта: Ленинполь — ​Бакай-Ата, Киров — ​Кара-Буура, Орловка — ​Ак-Дөбө, Ивано-Алексеевка — ​Көк-Ой ж. б. болуп өзгөртүлгөн. Чүйдө болсо азыр да башынан аягына чейин орусча бойдон турат.

— Чүйдөгү казак орустар 1916-жылы азыркы ошол айылдардагы кыргыздардын ата-бабаларын кыргандыгы далилденген. Ага карабастан, Чүйдө эски орусча аталыштар дагы эле эскиче кала берүүдө. Бул эмне, биздин ар-намысыбыздын жоктугунанбы?

— …Сиз туура айтып жатасыз. Мен сизге кошулам.

— Элдин баары ойгонууга тийиш…

— Мен бир анекдот айтып берейин. Кыргыз менен казак жалгыз мөмөсү бар алманын түбүндө жатышат дейт, улам карап коюп, бышып калган алма качан түшөт экен деп. Анан бир күн чыдамы кеткен казак алмага чыгап барып, жеп коет. Муну көргөн кыргыз айтат дейт: “не мынча шаштың? Бир күн алма өзү түшөт эле го”. Мунун сыңарындай, кыргыздар кебелбеген калк экенбиз да…

— Ойлонуп отуруп, арданасың да… 1916-жылы орустар элди Кара-Балтадан Карколго чейин кыргыздарды кууп аткан, кырган. Улуттук сезимди ойготуш керек да… Биринчи кезекте чүйлүк депутаттар арданыш керек болчу…

— Туура айтып жатасыз. Өз атыңарды коюп алыпсыңар деп эч ким жаман көрбөйт.

— Чыңгыз Айтматовдун эстелигин аялдамага эмес, Ала-Тоо аянтына койсок жакшы болмок. Анткени азыр бир көчөдө Манастын эки чоң эстелиги турат.

— Эң туура…

— Мурда Жогорку Кеңештин сессиясы башталаарга 4–5 мүнөт калганда Усубалиев менен Масалиев эч качан кечикпей, удаалаш кирип келишчү. Азыр болсо Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүгүн капчыктуулар, майда соодагерлер жана криминалитет түзгөн депутаттарыбыз кечиккендиктери аз келгенсип, 120нын ордуна 20сы гана келип, жыйындар залында кнопка басып отурушат. Келгенде да алардын ар бири калган 100 депутаттын ишеним каты менен добуш берип, берилген добушту 120га жеткиришип… Ушундай көз боёмочулуктун кереги бар беле?

— Мен муну көрүп келатам. Бир депутат 2–3 депутаттын ишеним каты менен добуш берип келаткандыгын мен деле көрүп калам. Бул дүйнөлүк практикада бар нерсе экен. Бирок, башка парламенттерде «оптом» добуш берүү деген жок. Мисалы, чет өлкөлөрдө депутат ишеним кат боюнча өзүнүн сол жагында отурган гана кесиптешинин берген ишеним катынын негизинде добуш бере алат. Биздин парламентте канча кишиге ишеним кат берсең да боло берет.

— Бүтүндөй зал боюнча жыйынга катышпаган депутаттар үчүн да чуркап кнопка басып жүрүшкөндүктөрү уят эле иш …

— Ооба, зал боюнча чуркап дегендей. Бирок, мындай туура эмес практикага каршы сунуш айтсаң депутаттар колдобойт. Ишеним кат боюнча мурда кабыл алынып калган регламент бар экен, ошонун негизинде жашап, иштеп жатабыз. Парламент ички иштер министрлиги эмес экен. Бул жерде жайма-жай келет экенсин, кенен-кесири отурат экенсин… Сүйлөгөн сөзүңө жооп бербейсин. Бирок мен тияктан көнүп калган экенмин — ​ойлону-уп сүйлөйсүн да. Кээде айта турган сөзүңдү айталбай калат экенсин. Бирок, жакшы депутат боло албай, көнүшө албай жатам.

— Сиз ИИМдин министри болуп турган кезде “Коопсуз шаар” программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу программасы көтөрүлдү эле. Эмне үчүн ал кезде ушул нерсенин аягына чыккан эмессиздер?

— Ал убакта ушул программа ишке ашып кетсе экен деп, мен чындап киришкем. Бул программанын баасы учурда 60 миллион доллар болуп жатпайбы. Мурда 85 миллион болчу. Азыр эмне үчүн 25 миллионго аз деген суроо туулушу мүмкүн. Ошол кезде 85 миллиондун ичинде “кризистик борборду” кошо куруу камтылган болчу. Ал борбор биздин планыбыз боюнча жер астындагы имаратты кошпогондо эки кабаттан турган, бүтүндөй электроника жабдууларынан куралган шаар четине жайгашкан заманбап мекеме болууга тийиш эле. Идея боюнча “102” ошол жерге орношуп, зарыл жабдуулар менен камсыз болуп, ал кызмат милициянын кармоо тобунун, МАИнин, түрдүү кодовый операцияларды ыкчам, оптималдуу ишке ашырууга — ​шаарда жасалган кылмыштардын көпчүлүгүнүн изин суутпай ачууга мүмкүнчүлүк бере турган шарт түзүлмөк. Мисалы, Бишкек шаары өзүнчө кварталдарга бөлүнүп, картага түшүрүлүп, ал “102нин” кызматкерлери отурган залдагы чоң экранда көрүнүп турмак жана милициянын күчтөрүнүн кайсыл жерлерде тургандыгы белгилүү болот. Мунун өзү кылмыш болгон жерге минималдуу убакыттын ичинде жетип барууну камсыз кылмак.

Бүткүл өлкө боюнча оперативдүү маалымат ушул борборго топтолуп, кылмыштарды ачуунун көрсөткүчтөрү жогоруламак. Бара-бара кылмыштуулуктун статистикасы ылдыйламак. Жолдо жүрүүнүн эрежелерин бузууну көзөмөлгө алуу күчөтүлмөк жана анын натыйжасында жол кырсыктары да кескин азаймак. Кризстик борбор жумурияттын булуң-бурчтарына чейин көз салып туруу мүмкүнчүлүгүнөө ээ болгондуктан, кылмыштарды каттоодон жаап-жашыруу аракеттери да минимумга жеткирилмек.

Тилекке каршы, бул долбордун ишке ашырылышы бир топ депутаттардын каршылыгынан улам саясатка жана интригага айланып, үзгүлтүккө учуратылган… Ким жолтоо кылгандыгын айтайын десең, бир чети тил кыска. Экинчи жагынан, ошолордун бири азыр түрмөдө отурат.

— Ошол адам ким экендигин айтып койбойсузбу?

— Таба дебей, тобо дейли. Ошол киши убагында мамлекетке кастык кылбаганда “Коопсуз шаар” долбору азыр ишке ашып калмак. Ал кишинин жеке кызыкчылыгынын айынан ушундай жолтоо болчу кырдаал түзүлгөн.

— Коомдук тартипти камсыз кылуу багытындагы реформалардын бир көрүнүшү болгон патрулдук милициянын түзүлүшүнө, көп өтпөй, кайрадан мурдакы калыбына келтирилишине сиздин көз карашыңыз?

— Бул багыттагы реформанын түпкү максаты туура эле болчу. Бирок, бул багыттагы аракеттер “Коопсуз шаар” долбору ишке ашырылгандан кийин гана аткарылууга тийиш болчу. Башкача айтканда, уюштуруу иштери чечилип, материалдык-техникалык база даяр болгондо гана туура болмок.

— “Коопсуз шаар” долборун Кытайдын “Хуавей” ишканасы ишке ашырууга аракеттенип жатты эле…

— Аталган программа көчөлөрүбүздөгү коомдук тартипти камсыз кылууну олуттуу жакшыртуу, кылмыштуулуктун алдын алуу сыяктуу аракеттер менен гана чектелип калбайт да. Бул жерде мамлекеттик сырдын сакталышы сыяктуу проблемалар пайда болуп калып жатпайбы. Ошондуктан бул жерде Улуттук мамлекеттик коопсуздук тармагы боюнча, башкача айтканда, олуттуу милдеттер келип чыгууда. Жети өлчөп бир кес дегендей, эң оболу мамлекетибиздин тагдырын камтыган жашыруун сырлардын сыртка чыгып кетүүсүнө жол койбошубуз керек.

— Мындан 5–6 жыл мурда Бабановдун өкмөтү автоунаалардын техникалык кароодон өткөрүүнү алып салганда, сиз буга каршы чыккан элеңиз. Эмне үчүн?

— Бул туура эмес, популисттик чечим болгон деп азыр да айта алам. 2012-жылдын май айында кабыл алынган популисттик бул чечимдин натыйжасында техникалык кароо жеке кызыкчылыгы бар адамдардын колуна өттү. Менчик фирмалар тарабынан жеңил машиналарды — ​таксилерди техкароодон өткөрүү үчүн мурда алынган 25 сомдун ордуна 600 сомдон, автобустардан жана жүк ташуучу машиналардан 40 сомдун ордуна 600 сомдон алына баштады. Өкүнүчтүү жери — ​мамлекетке бир тыйын түшкөн жок. Бул мамлекетке, элге чыккынчылык. Техкароону — ​милицияны жакшы көрөбүзбү, жаман көрөбүзбү — ​ИИМ тармагына өткөрүп берүү керек.

Жакында эле Бишкектеги “Азия молл” соода борборунун жанында жол кырсыгы болуп, 5 киши өлүмгө учурады. Кырсыкка учураган автоунаалардын жок эле дегенде биринде өрт өчүрүүчү жабдык болгондо жогорудагыдай трагедияга жол коюлбас беле деген жан кашайткан суроо пайда болбой койбойт экен. Ошол өрт учурунда кырсыкка туш болгон 21 жаштагы жигиттин өрттөнүп өлүп баратып: “мен али жаш эле бойдонмун, жашагым келет, жардам бергиле!..” деп жаналекетке түшкөндүгүн көргөндөр бар.

Натыйжада эл жабыр тартып, майыптыкка, өлүмгө учуроодо. Ал эми жеке менчик техникалык кароонун “кожоюндары” беш-алтыдан үйлөрдү алышып, бир канча автомашиналарга, кафелерге ээ болуп, эпсиз байышууда. Бирок, жоопкерчиликти моюндарына алышкан жок.

Эл аралык маанидеги жолдордо жайгашып, элди талап-тоногон тараза көзөмөлүнүн кызматкерлеринин иш-аракеттери тууралуу да ушундай эле пикирди айтууга болот.

— Паспорттук-визалык кызматтын ички иштер органдарынан жарандык тармакка өткөрүлүп берилишин туура деп ойлойсузбу?

— Жок, туура эмес. Бул туура эмес чечимдин натыйжасында ИИМ карамагында болгон 7 миллиондой маалымат мамлекеттик каттоо кызматына өтүп кетти. Кызматтык сыр, мамлекеттик жашыруун сыр деген нерселер кайда калды, ким жооп берет деген суроолор туулбай койбойт.

Техникалык кароо кызматы сыяктуу эле паспорттук-визалык кызмат ИИМдин карамагында болгон кезде бул тармак аркылуу көптөгөн кылмыштар ачылып келген.

— Эми, тескерисинче, кытайлыктарга, тажикстандыктарга жана башка өлкөлөрдүн атуулдарына биздин паспортторубузду мыйзамсыз берүүнүн учурлары көбөйүүдө. Түркиянын аэропортторунун биринде ажыга бараткан Кытайдын 60 жараны кыргыздардын атына жазылган биздин паспортторбуз менен кармалган.

— Сиз айткан чыккынчылыктын мындай далилдери бир эле жолу болуп отурган жок. Паспорттук-визалык кызмат милициядан жарандык тармакка өткөрүлгөндөн кийин жогорудагыдай учурлар көбөйгөндөн-көбөйдү. Мындай кырдаал мамлекетибиздин коопсуздугуна олуттуу доо келтирээрин унутпашыбыз керек.

Өкмөттүн техникалык кароого, айдоочулардын күбөлүгүн берүүчү каттоо-сынак кызматына, паспорттук-визалык кызматка жана башка кээ бир тармактарга байланышкан чечимдери мамлекеттин уюштуруу-башкаруу тармактарындагы болуп келген проблемаларды ого бетер күчөттү. Аталган тармактар милициянын карамагында болгон кезде талап, жоопкерчилик катуу болчу.

— “Мыйзамдагы ууру” Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулуп, өлкөдөн чыгарылып жиберилишине байланышкан ызы-чууда сиздин атыңыз да айтылып, ал тургай ММК беттерине да чыгып кеткен эле.. Президент бир катар күч катмарларынын жетекчилерин “Батукаевди тапкыла” деп, кагып-тилдемиш болгону менен, оозуна суу ууртап алган немедей дымып, эч кандай натыйжа чыккан жок. Дегеле кыргыз бийлигинин Батукаевди кармап келүүгө дарамети, духу жетеби?

— Батукаевди кармап келүү аракети ишке ашпай турган нерсе. Анын вор деген бийик статусу бар. Мүмкүн эмес. Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу чыккан чырда менин атым аталгандыгынын жөнү төмөнкүдөй: Батукаевди сот бошотту, биздин кызматкерлер Нарындагы түрмөнүн дарбазасынан тартып анын кыймылын оперативдүү коштоого жана көзөмөлгө алып, «Манас» аэропортуна чейин узатып бардык. Бул биздин кесиптик милдетибиз болчу. Бул нерсени журналисттер объективдүү баалоонун ордуна көбүртүп-жабыртып, коомчулукка туура эмес маалыматты таратып жиберди.

СССР мезгилинде мен 19-түрмөдө иштеп калдым. Ошондо ал жерде жаткан Нур аттуу түркмөн “мыйзамдагы ууру” жаткан. Ошол бошотулганда ИИМдин, Сокулук РИИБүнүн кызматкерлери түрмөнүн дарбазасынан машинага отургузушуп, Казакстанга чейин узатып койгонбуз. Муну оперативдүү коштоо деп коет.

— Батукаевди бошотуу кайсыл деңгээлде чечилген?

— Сот,.. прокурор,.. Түрмөнүн начальниги деген кишилер бар. Сот чечим кабыл алмайынча түрмөнүн начальниги бошото алмак эмес. Прокурор болсо ошол чечимдин мыйзамдуулугун кароого милдеттүү.

Батукаевдин тагдыры кайсыл деңгээлде чечилгендигин билемин. Бирок, мен бүгүн айталбаймын.

— Атамбаев? Атаханов?..

— Мен билем. Бирок, айталбайм. Айтышка болбойт.

— Батукаевдин жазадан кутулуп кетишинде Атаханов менен Салянованын тиешеси барбы?

— М-м…

— Барбы, жокпу?

— Ушуну айтпай эле коёюнчу…

— Жаңы жыл алдынан Москвадагы ири базарларды бөлүштүрүү учурунда кыргыз криминалитетинин 2 өкүлү өлтүрүлдү. Бул өлтүрүүлөргө Батукаевдин түздөн-түз же кыйыр тиешеси бар деп ойлойсузбу?

— Талдап көрдүм. Бул жерде Батукаевдин тиешеси жок. Бул жерде өзүбүздүн эле кыргыз криминалитетинин ортосундагы талаш-тартыш көрүнүп турат.

— Башкасын айтпайын, райондордун начальниктерин кызматка дайындоонун көпчүлүк учурларында Жогорку Кеңештен, Ак үйдөн — ​коррупционерлерден Ички иштер министрине кысым болоорун мен жакшы билемин…

— Андай аракеттер болгон. Бирок, президенттин мага болгон ишеничинен, колдоосунан улам, көпчүлүк кадрдык дайындоолорду мен өз эрким менен чечип жүрдүм.

— Анча-мынча достордун, жоро-жолдоштордун кадр маселелери боюнча өтүнүчтөрүнө же кыйыр кысымдарына моюн сунган учурлар болдубу?

— Албетте, анча-мынча болду. Кээ бирлерине моюн сунасын. Айткан талапкери татыктуу болсо колдоп коесуў да. Менталитет — ​элчилик, журтчулук деген бар…

— Сиз ички Иштер министри кезде марадерлордун баарын түрмөгө отургузам деп бир нече жолу коомчулукка жарыя кылганыңызды эл унута элек. Бул убадаңыз канчалык деңгээлде ишке ашты?

— Жогорку кызматтагы айрым марадерлордун жанталашкан каршылыктарына карабастан депутат Райкан Төлөгөнов, анын уулу, депутат Мадылбековдун уулу кылмыш жоопкерчилигине тартылып, соттолуп кетишти.

— Министр кезиңизде сизге сунуш кылынган паранын эң чоң суммасы канча болгондугун айта аласызбы?

– 5 миллион доллар.

— Депутат Рысалиевдин бир айлык кирешеси канча?

— Депутат болгонго чейин 3 жыл бою милициянын ардагери катары 27 миң сом пенсия менен жашап келдим. Азыр депутат катары 32 миң сом айлык алып, пенсияны кошкондо баш-аягы 60 миң сомго жакын киреше таап, турмушум кадимкидей оңолуп калды.

— Бизнесиңиз барбы?

— Бизнесим жок.

Булак: «Жаңы Ордо»

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here