Чагылган: Шайлоо учурунда өзүн 100 пайыз  «президент» сезип алып, амбициясын тыя албай, эл менен жолукканда акылга салып сүйлөбөй, улут аралык касташуунун кара  ниет кебин айткан Өмүрбек Бабановдун Кыргызстандан быйылкы ит жылы келе электе эле куйругун кыпчыган иттей болуп качып кеткенине 3 айдан ашып барат. Козголгон кылмыш ишинен коёндой коркуп Орусияда жүрөт бир жерин «булгаган» бойдон.

Анын абалында олтура бербейин деп Кыргызстанга кайтып келүүнүн ар түрдү амалын көрүп жатканын көп эле айрым маалымат каражаттары жазып жатышат. Бүгүн да дагы бир маалымат каражаты Бабанов Атамбаевге чыгып, Кыргызстанга кайтып келүүнүн шарттарын сүйлөшүп жатканын жазыптыр. Анда Бабановдун саясаттан кетишин Атамбаев талап кылган  делет. Эми бул жагы орустар айтмакчы «ерунда» кеп. Анткени, Бабанов Атамбаев саясаттан кет дебесе деле, кетпегенге аргасы жок болчу. Бабановдун саясаттанк кеткенин козголгон кылмыш иштен кутулуунун бир амалы деп түшүнүү туура болот. Айтор бул жагы түшүнүктүү болчу.

Дагы бир «жаңылык» катары эми парламенттеги «РАЖдын» депутаттары парламенттин таратылышын демилгелеп чыгып, ошентип Атамбаевге жардам кылышат дейт. Мунун баары чындыкка дал келбеген кептер. Атамбаев парламентти тараткысы келсе, жаңы президент Жээнбековдун колу менен же, КСДП аркылуу эле таратып салат. Кыскасы, бул маселе үчүн РАЖдын депутаттарынын колдоосуна муктаж эмес. Анын үстүнө РАЖдын ичинде Бабановду жактаган, бабановчу делген депутаттар барган сайын азайып барат. Азыр Алардын саны ашып кетсе10дун тегереги, калган 15тен ашыгы «Ата-Журт» тагырагы бийликти колдогон депутаттар. Анан ошол 10 депутат  парламент ичинде эмнени чечет эле. Алар жөн эле «пешка» катары каралып калбайбы. Андыктан акылы ташыган айрым жазмакерлер жазат деген ушул деп, чындыкка дал келбеген божомолдорду урдура бербесе жакшы болмок. Эми аферисттиги ашынган, мамлекетке жакшылык кылбаган качкынды колдогондор бир аз ойлонуп, акыл-эс менен иш кылышса. Эгер чындап Атамбаев качкын Бабановго талап койсо, такыр башкача шарттарды коёру маалым. Ал жөнүндө кийин кеп кылабыз…

Урмат Кабылбеков

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here