Парламенттеги «Республика — Ата Журт» фракциясынын мурдагы депутаты Өмүрбек Бабановдун Ош шаарындагы Он-Адыр кичи районунда сүйлөгөн сөздөрүн талдаган көз каранды эмес лингвистикалык комиссиянын жетекчиси Үмүт Култаева КУУдагы Конфуций институтунун директору кызматынан алынды. Култаева муну комиссиянын «Бабановдун айткандарында улут аралык чакырык болгон эмес” деген бүтүмү менен байланыштырууда.

— 25-декабрда Канат Жалилович (Садыков) мени кабинетине чакырып, Бабановго байланыштуу комиссияда болгонумду кызыгып сурап, бул мамлекеттик саясатка каршы келерин айтты. Мен өз кезегинде мамлекетке каршы эч кандай иш кылбаганымды, комиссияда өз пикиримди билдиргенимди айттым. Бирок ректор сүйлөшүүдөн кийин менин эмгек келишимимди узартуу кыйын болуп калганын билдирди. 8-январда мени канцелярияга чакырып, жумуштан бошотулганым тууралуу буйрук менен тааныштырышты.

Култаева жана лингвистикалык комиссиянын башка мүчөлөрү экспертизанын жыйынтыгына байланыштуу УКМКга чакырылып, сурак берип чыгышканын маалымдашты. Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин өтүнүчү менен көз каранды эмес лингвистикалык комиссия былтыр 10-ноябрда түзүлгөн. Анын курамына беш илимпоз кирген, жетекчиси болуп Үмүт Култаева шайланган.

Кыргыз улуттук университетинин жетекчилиги Култаеванын иштен бошотулганын эмгек келишиминин мөөнөтү аяктаганы менен түшүндүрдү. УКМК бул билдирүүлөргө комментарий бере элек.​

2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоодо талапкер болгонӨмүрбек Бабанов үгүт өнөктүгү учурунда Ош шаарындагы өзбек улутундагы шайлоочулар жашаган Он-Адыр районунун эли менен жолугушкан. Башкы прокуратура саясатчыга бул жыйында «конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга үндөгөн жана улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен кылмыш ишин козгогон.

Булак: азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here