Абадагы кир заттар күндүн радиацияларын жерге жеткирбей тосуп калат

Окумуштуулар өтө таза абанын планетага тийгизген терс таасирин аныктап чыккан. Бул туурасында «Известия» гезити Daily Mail басылмасынын маалыматына таянып кабарлады.

 Норвегиянын, Улуу Британия, АКШ жана Германиянын эксперттеринен турган команда абадагы кир заттар күндүн радиацияларын жерге жеткирбей тосуп каларын айтышты.

Аларды жок кылганда атмосфера жылуулук энергиясын көбүрөөк тартып, абанын температурасы 0,5-1,1 градуска жылыйт.

Окумуштуулар бул жаратылыш кырсыктарына — кургакчылыкты жаратып же суу ташкындарына алып келиши мүмкүндүгүн айтышты.

Булак:sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here