Кечээ күнү Кыргызстандагы 12 аскер уюмдарынын өкүлдөрү  Акипресс маалымат жыйынына мурунку Коргоо министри, генерал майор Таалайбек Өмүралиевге козголгон кылмыш иши жана ал боюнча өткөн жылдын 22-декабрында Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмү боюнча өз пикирлерин билдирип, маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар Өмүралиевге козголгон кылмыш иш ойдон чыгарылган кылмыш экенин бир катар далилдер менен айтып беришти. Ошондуктан , ал маалымат жыйынында президент Сооронбай Жээнбековго да кайрылып, Өмүралиевге козголгон кылмыш ишине көңүл буруп коюшун суранышкан эле. Биз бул маселе боюнча айыпталып жаткан генерал Таалайбек Өмүралиевдин өзүнө жолугуп,  козголгон кылмыш иштин чоо-жайы тууралуу маектештик.

-Таалайбек мырза, алгач окурмандарга түшүнүктүү болуш козголгон кылмыш иштин чоо-жайын толук айтып берсеңиз?

-Мага эки кылмыш ишин козгошкон. Биринчиси аскерлерге турак-жай үчүн бөлүнгөн акчанын 5 млн. сомун туура эмес которушту деп айып коюшкан. Бирок ал маселе боюнча мен өзүм милдетимди аткаргам. Бул боюнча эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Анткени, ал акчаны которуу боюнча өкмөттүн №300чү токтому бар болчу. Ушул себептен бул кылмыш иши боюнча мен соттон толук акталып чыккам. Экинчи кылмыш иши боюнча Жал кичирайонуна салынган эки үйдү офицерлерге туура эме бөлүштүрүп берген деп айып коюшкан. Бул маселе боюнча да өз милдетимди мыйзам бузбастан аткаргам. Кытай мамлекетинин грантына 2 батир ошол Жал кичи районундагы башынан эле Коргоо министринин балансында турган жер тилкесине 2 көп кабаттуу үй салынган. Жалпысынын 108 батир бар.

Анын баары тең 100 пайыз аскер адамдарына 12 адамдан турган комиссиянын чечими менен берилген. Комиссияга Коргоо министрлигинде иштеген кадыр-барктуу адамдар кирген. Мисалы: башкармалыктын башчысы, Коомдук байкоо кеңешинин төрагасы, Аскер прокуратурасынын өкүлү, УКМКнын өкүлү ж.б. болгон. Ал комиссиянын төрагалыгына өзүмдүн бир орун басарымды шайлагам. Батир берүү маселеси менен жалпысынан 700дөй аскер кызматкери тизмеге кирген.  Бул комиссия бир жылдан ашык иштешип, бүт документтерин баарын карашты, тиешелүүсүн тандашты. Ал учурда мага эч кандай арыздануу болгон жок. Мен алардын ишине киришкенге укугум жок болгон. Кийлигишкен да эмесмин. Болгону мен ошол комиссиянын чыгарган жыйынтыгын мыйзамдаштыруу үчүн министр катары кол койгом.

Мен ал батирлерди аскер тармагында иштебегендерге, же туугандарыма, досторума тараткан эмесмин. 100 пайыз офицерлер алышкан. Бул боюнча баардык тиешелүү документтер бар. Кыскасы, эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Бирок комиссиянын иши туура эмес, министр туура эмес көрсөтмө берди, же өзү кийлигишти, мыйзам бузду деп бир да адам арыз жазган эмес.

-Андай болгон учурда сизге эмне үчүн кылмыш козгоду? Бул жерде кимдин,кандай кызыкчылыгы бар?

— Батирлер кандай бөлүштүрлгөнүн Коргоо кеңеши текшерип, юридикалык баа берип коюну көздөшсө керек. Бирок өзүңөр билесиңер да, бизде “бөрк ал десе, баш алышат” да. Өздөрү туура эмес текшерип, туура эмес маалыматтарга  таянып, “генералды каматабыз” – деп упай топтогулары келишсе керек. Аскер прокуратурасы кылмыш козголуп, бир нече адамды жабырлануучу катары арыз жаздыршыптыр. Бирок ал адамдардын дээрлик баары тең соттук отурумдарда жазган арыздары жасалма экенин, жаздырганын айтышты. Бирок алардын ичинен бир, эки адамды байлап коюшту. Алар деле үй алышкан. Бирок: “Мен үйдү Жалдан алмакмын, мага Кызыл-Аскерден берип койду” деген доомат. Эми ким кайсыл райондо кызмат кылса, иши ошол жерде болсо үйдү ошол жерден алат. Бул эми суу кечпеген дооматтардын бири да.

Комиссиянын курамындагы 12 адам да бул иш боюнча күнөөлүү деп эсептелишет. Бирок “кылмыш жаза мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу” жаза алышпайт. Ошентсе да, аларды сүйрөштү, убалына калып жатышпайбы. Мага болсо оору берене менен кылмыш козгоп салышкан, ошон үчүн андай эреже мага колдонулган жок. Комиссия таза, калыс иштеген. Эгер батирлерди бөлүп берүү акыйкатсыз чечилсе, чоң ызы-чуу чыкмак. Бул жерде жөн эле жалаа-жаппай болуп калды да. Дагы бир кызыгы, батирлер бөлүнүп берилип, баары сонун болуп жыйынтык чыккандан кийин, 2 жылдан соң кылмыш ишин козгошту да. Ага чейин эмнеге козгошкон жок?

-Бул маселеде саясый боек барбы?

-Саясый боёк деле жок. Мен саясатчы болсом бир жөн, же бир партиянын лидери болуп, саясый оюндарга катышпасам, же оппозиция болбосом, кайдан? Өмүр бою аскер адамы катары өз кызматымды так аткарып келаткан адамдардын биримин. Бул кылмыш ишти туура эмес козголгон. Коррупция менен күрөшүп жатабыз деп отчёт катары бир генералдын портретин ЖМКларга бакыйтып чыгарышып алып, кайра артка кетүү кыйын болуп калды да. А дегенден кийин Б деш керек да. Өздөрү да эмне кыларын билбей, эптеп-септеп, бул ишти жаап салгылары келип жатышат. Ойлоп көрсөңөр,  бул иште мамлекетке бир да тыйын да зыян болгон жок.

(Уландысы бар)

Суроо салган Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here