-Ошол Жал кичи районуна салынган 108 батир бул Кытайдын гаранты да. Сиз өзүңүз тартып келген инвестиция деп коёлучу. Бул маселенин демилгечиси өзүңүз да. Же өкмөт башчы, президент кийлигишти беле?

Мен ал кезде министр боло элек болчумун. Куралдуу штабдын башчысы болчумун.  Кыргызстан менен Кытайдын Коргоо министрлеринин ортосунда келишим түзүлгөн. Мен алардын Башкы штабынын башчысы менен мен сүйлөшүп жатканымда, ал менден: “Эмнеге муктажсыңар Кандай жардам кылалы?”- деп сураганда, мен ага: “Бизге, биздин аскер кызматкерлерине турак –жай салып берсеңер жакшы болот эле” – деп өтүнүч кылгам. Алар макул болуп,  узакка созула турган келишим түзгөнбүз. Ал келишим боюнча Кытай бизге жылына 2 үйдөн салып, жалпысынан  7 үй  куруп бермек. Ошентип, иш башталып, алгачкы эки үй Жалга салынган. Курулуш мен министр болуп турган  учурда жүрдү. Алгач кытайлар: “үйдү өзүңөр кургула, акчасын берели” –дегенде, мен алардын бул сунушуна макул болбой , “Бизге акча бербей эле, үйлөрдү өзүңөр куруп бергиле” дегем. Анткени, акчасын алсак мени жөн эле атып салышмак окшойт. Акчасы жок эле, жөн эле үй бөлүштүргөндө ушунча сүйрөп жатышпайбы. Эки үйдү кытайлар өз жумушчулары менен толук өздөрү куруп берип, бизге болгону ачкычтарын беришти. Бизден бир тыйын кеткен жок.

-Демек, сиз демилгелеп,  аскер кызматкерлерге өзүңүз чуркап жүрүп, Кытайдан инвестиция  тартып,  салдырган эки үй үчүн курмандыкка чалынып жатыпсыз да…

-Логикалык жактан ой жүгүрткөндө ушундай болуп жатат да. Кытайлар салып берген 108 батир офицерлерге менчикке берилген жок, баары тең кызматтык үй. Эгер ал батирлер туура эмес бөлүштүрүлгөн болсо, ал жакта  жашап жаткан ким бирөөлөр шек жаратып жаткан болсо, азыркы министр андайларды чыгарып жибергенге укугу бар.

Кыйталар салган аскер уй Жал кичи району

Эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Себеби, ошол мен чыгарган буйрук эмгиче күчүндө турат, ошол эле адамдар жашап, ошол эле адамдар иштеп жатышат. Эгер менин чыгарган буйругум мыйзамсыз болсо, аны эчак жокко чыгарышмак. Мына бул жагы да эске алыныш керек. Бир сөз менен айтканда мага козголгон кылмыш ойдон чыгарылган кылмыш иши. Мен өзүмдүн ак эмгек, адал ишимдин курмандыгы болуп атам.

-Айрым маалыматтар каражаттары сизди учурунда мурунку президентке жамандап койюшкан, ал киши болсо ишенчек болгон соң, кылмыш козголгон деп жазышпадыбы. Бул боюнча эмне айтасыз?

-Ким жамандаганын, деги эле мени жамандашканбы, бул жагын мен билбейм. Мурунку президенттин бул маселеге киришкенине ишене бербейм. Болгону мен да коррупция менен күрөш жүрүп жатат деген чоң ураандын курмандыгы болуп жатат окшойм. Дагы бул иште кимдердин кызычылыгы бар, аны биле албайм.

Жалга эки үй салып берген Кытай ушул сиздерге козголгон кылмыш иштин, ызы-чуунун айынан Тажикстанга кетип калышканы чынбы?

-Ал чын. Кытайда мыйзам, тартип күчтүү да. алар мындай ызы-чууларды жакшы көрүшпөйт. Өздөрүнүн ишин так жана өз убактысында бүтүргүлөрү келишет. Ошон үчүн алар биз түзгөн келишимди Тажикстанга буруп койду. Эми тажиктерге бир нече жылдын ичинде 10 көп кабаттуу үй салып беришет. Учурда 5 үй салып бүтүшүптүр. Мындайча айтканда биздин 5 үй Тажикстанга салынып калды да.

Чынын айтканда биздин “бөрк ал десе, баш алгандар” кытайлар үй курабыз деп алгач Бишкекке келгенде эле аларды да жүдөтүп ар тараптан текшерип баштаган. Коргоо министрлигин балансындагы жер тилкесин да бир сыйра казып текшерип чыгышкан. Анан бул кытайлар менен Өмүралиевдин үлүшү бар экен деген сөз чыгарып жиберишип, анда да катуу текшеришти. Бирок эч кандай мыйзам бузууларды, далилдерди табышкан жок. Айтор, кытайлар бизге келгенине бир сүйүнүп, кеткенине сүйүнүштү окшойт.

Биз эми Биринчи май райондук сотунун чыгарган чечимге макул эмеспиз. Адилетсиз чечим. Бишкек шаардык райондук сотуна арыз жазылган. Сот 31-январда болот. Биз соттон адилеттүү гана чечим чыгарып беришин гана өтүнөбүз.

-Ал жактан өзүңүздү да үй ал дегендер болсо керек эми…

-Эгер мен ал жактан ала турган болсом, анда тирүүлөй эле жеп коюшмак. Мен аскер кызматында 25 жылдан ашык кызмат кылып жүрүп, акыры министрдин орун басары болгон кезде Чыгыш-5тен батир алгам.  Мен келинчегим менен санап көрсөм бул жылдары 25тен ашык ирет ар кайсы аймактарга, шаарларга көчүп-конуп, ташынып жүрүптүрмүн. Бишкек, Ош, Лейлек, Токмок, кайр Бишкек ж.б көчүп конуп жүрдүк. Анан Москвадан  аскер академиясына окуйм деп, ал жакта да көчүп конуп жүрдүк. Бул эми майда чүйдөсүнөн эсепке албай, санаганбыз эле 25 болуптур. Мурун болсо, “писар” болуп кагаз жазып, кагаз ташып жүргөн балдар бат эле батир алган учурлар болгон. Жалга салынган батирлерден  биринчи кезекте Баткен коогалаңына катышкан балдарды ды алсын дедик. Кытайлар мага кайралып: “Сиз да бул жерден үй алыңыз, сиздикин жакшылап, кооздоп жасап коёлу” – дешти. Мен дароо  баш тарттым да, андан көрө башка иштерди жасап беришин сурадым.  Биринчиси ошол көп кабат үйлөрдүн балконун тосуп, жылуулап берүү, экинчиси кондиценер орното турган атайы темирлерди коюу болчу. Бул эки ишти тең менин суранычым менен жасап беришти. Ошондо да кээ бирлер: “Өмүралиев Жалга салынган кондиционерлерди уурдап кетиптир, орду эле калыптыр” – деп. Жөн эле күлкүң келет да. Жакшылык кылып жатсаң, ошону да көрө албай ар кайсы кепти айтканда жөн эле күйөсүң да.

Маектешкен Айбек Шамшыкеев

Жалдагы офицерлер жашаган уй

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here