Маалыматта өспүрүм өзүнүн кунанын минип көк бөрү өтүп жаткан жерге барганы айтылат. Ош шаарынын Жапалак айыл аймагына караштуу Мөөркан айылында 12 жаштагы бала көк бөрү оюну өтүп жаткан жерде ат алдында калып каза болду. Бул туурасында Ош шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анда өспүрүм өзүнүн кунанын минип көк бөрү өтүп жаткан жерге барганы айтылат.

«Окуя болгон жерге милициянын ыкчам-тергөө тобу барган. Тергөөнүн маалыматтары боюнча ал баланы 23-январь күнү түшкү саат 12.30да ат басып калып, ошол жерден жан берген. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Азырынча өспүрүмдүн оюнга катышкан-катышпаганы белгисиз», — деди Сыдыков.

Ошондой эле ал окуяга байланыштуу бүгүн аталган аймакта айыл өкмөттүн катышуусу менен чогулуш өткөнүн маалымдады.

булак:sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here