Астанада жука (капрон) колготки кийген кийген студент кыз  университетке жеткичекти эки бутун үшүк алып кеткен. Студент  № 1 оорукананын хирургия жана колопроктология бөлүмүндө 3 күн дарыланып үйүнө чыгарылган.

«Анын эки санынын алдыңкы бөлүгүн үшүк алган. Ага I-II-даражадагы үшүк деген диагноз коюлду» деп жазылат маалыматта.
Окуя 23-январда  түшкө маал болгон. Алгач университеттен жардам көрсөтүлүп, ооруканага жиберилген.

Студент кыздын буту узак убакытка чейин, үшүк алган жерлер калыбына келгиче таңылып жүрөт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here