Садык Шернияз  “Даңгыт” деп кайсы депутатты айтканын жакшы билесиңер да ошол  омбу-домбу депутат эки жумадан бери өзүнүн анык деңгээлин көрсөтүп, “Азия-ньюска” өзүн көтөрө чалган, өтө эле кызыктай интервью берип, элдин күлкүсүнда, кыжырын да келтирип жатат. Кыязы, ал маекти соо эмес,  кызылдай мас кезинде берсе керек. Бул ирет ал: “Ош базардан мен боюнда бар келинди тепкен эмесмин. Керек болсо боюнда бар келинд курсагынан өөп коём. Мунун баарын Аскар Салымбеков уюштурган, атайы провокация жүргүзчү. Мага катындарды ажылдатып жөнөтөт: “Камчыбек менен мамиле  кылса, анан милицияга арыз жаздырабыз”- дешип. Мен да оңой эмесмин да. Ал кыздарды “Беш -Сарынын” балдарына салып берип коём, алар тияк-биягын байкап, өздөрү “диагноз” коюшат. Ошол эле Гүлжан Кулмамбетова башында мага келип жүрчү. Акча берип көп жолу колдогом. Кийин Салымбековго тийип, токол катары жашап кетти. Ошондо менин аяшым Гүлмира катуу кайгырган: “башканы алса да, Гүлжанды албашы керек эле” – деп мага айткан. Аскар токол алып баштагандан кийин Гүлмира ооруп, ошонун айынан өлүп кетти. А, болбосо жашап жүрмөк…” – дептир. Эми бул сөздөргө ким ишенет?

Бул боюнча  Салымбеков дагы, Кулмамбетова дагы өз чындыктарын айтышар. Болбосо, бул бүтүндөй ат-Башы өрөөнүн өңгү-дөңгү сөздөрдү айтып, уятка калтырган Камчыке былтыр, мурдагы жылдары эле Салымбековго карата жаман сөздөрдү айтып, акырында “ит, болдум” – деп алдына түшпөдү беле кечирим сурап. Депутат болуп калгандан кийин анын баарын унутуп дөөгүрсүп кеткени көрүнүп турат. Мансап, байлык, мастык анан чатак кыял кошулганда көп  адамдар ушундай болуп кетет турбайбы көрсө…

Урмат Кабылбеков

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here