Учурда ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин ЖМКга чыккан «омбу-домбу» маеги кызуу талкууга алынып, окугандын дээрлик баары аны каргап шилеп, айтор анын дарегине бир да жакшы сөз айтышкан жок. Ал депутат ошол маегинде өзүнө «Даңгыт» деп өтө сонун ат койгон Садык Шернияз менен анын агасы Болот Шерниязга да тийишип өтүптүр. Фамилиясын кыскарткан Болот Шерди акмак адамга теңеген. Эмнеси болсо бир топ адамдарга тийишкен Жолдошбаев бирди көргөнү калыптыр. Сөзгө чечен Шернияздар Камчыкеңди бир күнү катуу согот го. Оозум бар деп эле «оро» бербей, бир аз ойлонуп сүйлөсө болмок…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here