Бөйрөк –организмден зааранын чыгуусуна жооп берет. Акыркы учурда эки бөйрөгү иштебей гемодиализ аппаратына жаткандар арбып кетти. Анын эң бир себеби, өз учурунда бөйрөк оорусуна маани бербей, бөйрөктүн сезгенүүсүн күчөтүп жиберип бөйрөктүн иштебей калышы.  Бөйрөк оорусун алдын алуу же убагында дарылоо үчүн урологдор төмөнкүлөрдү сунуштайт.

Бөйрөк ишинин начарлашы — бөйрөктүн функцияларынын өтө катуу бузулушу. Мында бөйрөктө кан айлануу бузулуп, сийдикти бөлүп чыгаруу начарлайт да организмде уулуу заттар көбөйүп, кислота-жегич, суу-электролит балансы өзгөрөт.

Катуу кармаган жана өнөкөт түрү бар. Катуу кармоочу түрү көбүнчө 20-40 жаш куракта көп жолугат. Бөйрөк ишинин начарлашына канды көп жоготуп, кан басымынын кескин төмөндөшү, шок, бөйрөк же аорта кан тамырларында кан уюп калуу, узак убакытка ич өтүп же тынымсыз кусуу, дененин катуу күйүшү, заара айдама дарыларды узакка ичүү алып келет. Ошондой эле ар түрдүү уу заттар менен уулануудан (бөйрөк ткандары өтө сезгич келип, чөйчөк сымал капсулалары, заара каналчалары сезгенип, шишип, жараланып, чирий баштайт), бөйрөктүн ириңдүү сезгенүү ооруларынан, бөйрөк түтүгүн таш тосуп же заара жолдорун шишик басып кокусунан бөйрөк түтүгүнүн бүтөлүп калышынан болот. Катуу кармаган түрү өтүшү боюнча төрт стадияга бөлүнөт:

  • Оорунун башталышы;
  • Зааранын азайышы же бөлүнүп чыкпай калышы (анурия);
  • Зааранын кайрадан (бир суткада 1,5—2,0 л) калыбына келиши;
  • Оорулуунун айыгуусу.

Анын белгилери оорунун себебине жараша болот. Мисалы, криминалдык аборт, бөйрөктүн ириңдүү оорусу, жылан, кара курт жана башка уусу менен жапа чеккенде дененин ысышы, чыйрыгуу, кубаруу, тырмактын учтары, ээк көгөрүп, арадан бир нече убакыт өткөндөн кийин деле саргайып, кандын басымы төмөндөйт; оорулуу эс-учун жоготушу да ыктымал. Оорулуунун абалы оңоло баштаганда зааранын бөлүнүп чыгуусу акырындык менен көбөйө баштайт (бир күндө 500—600 мл), 2—3 күн өткөндөн кийин 1800—2000 лден ашык заара бөлүп чыгат.

Пиелонефрит деген эмне?

Пиоелонефрит аялдарга тиешелүү дарт. Себеби алар колун сууга салып, үй оокаттарын жасап жатып суукка чалдыгышат, тердешет. Сезгенүү аялдардын жыныстык кыны уретрага (заара чыгаруучу канал) жакын жайгашкандыктан жыныстык органдардагы инфекциялар уретрага өтүп кетет да, заара түтүкчөсү аркылуу жогору өрдөп бөйрөккө барып, аны сезгентет. Кош бойлуу кезде гормоналдык тең салмак бузулгандыктан бөйрөктүн күлтүкчөсү жана заара чыгаруучу каналдын жыйрылып иштөөсү начарлап, заара бөйрөктөн убагында чыкпай, бөйрөктү сезгентүүсү мүмкүн. Анын үстүнө жатын чоңойгон сайын заара чыгаруучу түтүкчөнү кысып, зааранын чыгышын начарлатат. Этек кир келген кезде да гигиеналык каражаттарды убагында которуп, даарат алып турбаса жылуу жана нымдуу жерде бат көбөйгөн микробдор уретрага өтүп кетет.

Себеби

Бөйрөк ишинин начарлашынын өнөкөт түрүн бөйрөктүн узакка созулган (3—10 жылга чейинки) оорулары (гломерулонефрит, пиелонефрит, бөйрөктүн таш жана кургак учук оорулары, гидронефроз жана башка) дуушар кылат. Өнөкөт оорулар акырындык менен бөйрөктүн иштешин бузат. Эки бөйрөктүн тең ишинин начарлашы өнөкөт оорудан кийин акырындык менен канда уу заттар көбөйүп уремияга алып келет. Бардык органдарда: нерв, угуу, көрүү системасында, өпкө-жүрөк, ичеги-карын, боордо өтө оор өзгөрүүлөр пайда болот.

Ооруну басуучу дарылар бөйрөктүн ишинин начарлашына алып келет

Кайсы жерибиз оорубасын оору басуучу дарыларды ичебиз. Ал дарылар ооруну убактылуу басканы менен бөйрөк, боор сыктуу органдарды жабырлантаарын көптөр биле беришпейт. Ооруну басаӊдатуучу дарылар бөйрөккө бычак болот.

Этти көп жегендер бөйрөк оорусуна кабылышат

Курамында белокко бай азыктар да бөйрөк ооруларынын келип чыгышына шарт түзөт. Мисалы, бизде эт көп желет. Организмде белоктун барын бөйрөк тазалагандыктан, этти көп пайдалануу бөйрөктүн ишин 2 эсе көбөйттөт.

Газдалган кофеини бар суусундуктар

Тамак ичкенден кийин же торт менен иши кылса ар кайсы шылтоо менен газдалган таттуу суусундуктарды көп иче берүү да бөйрөккө күч келтирет. Кофеин заараны көп бөлүп чыгартат. Заара бөлүнүп чыккандан кийин бөйрөк жөн эле иштей берип, жыйынтыгында соолуй баштайт.

Алкоголь жана тамеки

Дарыгерлердин айтымында бөйрөк ооруларынын 90 пайызы алкоголь жана тамекиден. Алардын курамынджагы токсиндер менен күрөшүүдө бөйрөк 3-4 эсе күч жумшайт.

Арык жана узун адамдар көп оорушат

Бөйрөк оорусу өтө эле арык, узун бойлуу адамдарга көп жармашат. Мындай адамдарда бөйрөктү калыптагыдай абалда кармап турууга жардам берүүчү май жакшы өөрчүгөн эмес. Андай учурда бөйрөктүн ылдый түшүп калуу коркунучу бар. Бөйрөк оорусунун ар кандай түрлөрү менен эркектерге караганда аялдар көбүрөөк оорушат. Бул аялдын организминин физикалык жана анатомиялык өзгөчөлүгү менен түшүндүрүлөт. Көпчүлүк учурда бөйрөктүн ишинин бузулушу аял кош бойлуу кезинде башталат. Орто жаштагы жана андан өткөн эркектер да бөйрөк оорулары менен көп жабыркашат.

Бөйрөктү үй шартында эӊ оӊой дарылоо

Дарбыз мыкты антибиотик

Бөйрөк оорусу үчүн кадимки эле жайында бышкан дарбыз эӊ жакшы антибиотик экенин урологдор байма-бай айтышат. Жайкысын дарбызды көп жеп бөйрөктү гана эмес организмди да тазалоого болот. Дарбыздын жардамы менен бөйрөктөгү кум, майда таштар оӊой эле түшөт. Андан сырткары ит мурундун кайнатмасын ичсеӊиз да бөйрөккө жакшы жардам берет. Жашылча ширелеринен алма менен ашкабактын ширесинен өтөөрү жок.

Самара САЛАМАТОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here