Чагылган: Кыргызстандын Эсеп палатасы Транспорт жана жолдор министрлиги 2016-жылы 235 миллион сомдон ашык каржылык мыйзам бузууга жол бергенин аныктап чыкканы маалым болду. Бул тууралуу  аудитор Ишенбек Медетовдун «Азаттыкка» буларды айтып берген:

— Курулуш-кураштыруу иштеринин көлөмүн ашыруу боюнча 225,6 миллион сомду, товардыкматериалдык баалуулуктардын жетишпестиги же болбосо кем чыгышы 7,7 миллион сомду, ошондой эле эмгек акыны негизсиз төлөө 1,9 миллион сомду түзгөн. Мындан эң негизги каржылык мыйзам бузуу фактылары БалыкчыТамчыКорумду жолун, Бишкек шаарындагы «Манас» аэропортуна кетчү жолду оңдоо долбоорлоруна байланыштуу болгон. Мисалы, БалыкчыКорумду жолунда долбоор боюнча сульфатка туруктуу цемент колдонулушу керек болчу. Иш жүзүндө Кант цемент заводунан чыккан кадимки эле цементти колдонулуп коюшкан жана айырма 118 миллион сомду түзгөн. Андан сырткары жумуш ашыкча көрсөтүлүп, анын акчасын 762 миң сомго негизсиз көбөйтүлгөн.

Ушундай мыйзам бузуулардан улам мамлекетке 175, 5 млн.  зыян келген. Ал эми атаылап сарамжалсыз пайдаланган  каражат 11 млн. сомду чапчыйт. Эми Эсеп палатасынын мынай фактыларын Башкы прокуратура, парламент, өкмөт карап чыгып, юридикалык баа бериши зарыл.

Министр Жамшитбек Калиев  бул маселе боюнча «Азаттыкка» эсеп палатасынын мындай дооматарына макул эместигин билдирип, аыптарды, мыйзам бузууларды жол салган компанияларга шылтады. Андай болсо министрлик кай жакты карап олтурат?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here