Чагылган: Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылынын аймагында  (азырынча аты-жөндөрү  ачыктала элек ) 2 кишинин жансыз денеси табылганы ИИМдин басма сөзүнөн белгилүү болду.

Маалыматка таянсак,  23-январдын түнүндө дүкөндүн жанында эки кишинин жансыз денеси  Фрунзе менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөнгө катарлаш салынган кеңседен табылган.

Алар бычактан алган жараатынан улам каза болгондугу айтылууда. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иши башталды. ИИМ каза тапкандар 1972-жылы, 1982-жылы туулган Сокулук жигиттер экенин, анын бирөөсү жерди мыйзамсыз сатуу кылмыш ишине шектелип жүрсө, экинчиси ошол кылмыштын күбөсү экени айтылууда. Азырынча экөө бири-бирин бычакташы мүмкүн деген божомол каралууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here