КРнын транспорт жана байланыш министрлиги жолдорду курууда ачык тендер жарыялаганы менен ага катышкан компаниялар министрлик менен ачыктан-ачык эле соодалашып, мыйзам эрежелерин бузууда. Бул тууралуу министрликтеги өздүк булактарыбыз билдирди.
Алардын айтымында, ушул тапта министрлик “Маданият-Жалал-Абад” унаа жолун реконструкциялоо боюнча жол куруучу компаниялар ортосуна тендер жарыялаган. Мындан соң тендерге катыша турган компаниялар иргелип отуруп, аягында төрт компания калат. Алар кытайлык-Xinjiang Beixin Rood and Bridge Group, China Gezhouba Group Gompany Limited, орусиялык “ЕВРОТРАКТ” жана азербайжандык “AzVirt LLC” компаниялары. “Тендердин шарты боюнча, булар жолдун курулушу боюнча өздөрү бир баага токтоп, ушул бааны сунуш кылышы керек. Ал эми азербайжан компаниясы бир эле конфертке эки бааны сунуштап, ортосундагы айырмачылыкты 7% дисконттук жеңилдик” деп сунуш кылууда. Бул деген мыйзамсыз. Анткени, компания ачык эле министрлик менен соодалашууга өтүп, бул 7%ти силерге “чай пул” катары беребиз дегенди кыйытып жатышкандай”,-дешет алар.
Өткөн жылы да аталган азербайжандык компания экс-министр Замирбек Айдаровдун кызматтан алынышына себепчи болгон эле. Ал эми https://www.panorama.am/ru басылмасы 2015-жылдан бери “AzVirt LLC” компаниясы каржылык чыгаша дуушар болуп, көп долбоорлорду ишке ашырууга катыша албай келе жатат деп жазып чыккан.

ФБ баракчасынан алынды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here