Кышкы спорт мыкты маанай тартуулап гана тим болбостон ден соолукту да чыӊдайт. Кышкысын ысык чайды ичип, жылуу жуурканга оронуп жата бербей, таза абага чыккандын өзү эле бир топ пайда болоорун доктурлар айтып келишет. Лыжа, чана, коньки, сноуборд тебүү организмди кыймылга келтирип, кан айланууга жардам берет.

Кышкы спорт менен кимдер машыгууга болбойт?

-Муун, омурткалары менен ооругандар;

  • Иммунитети төмөндөр;
  • Сөөктөрүнүн травмасы жана сөөктөрдүн деформациясы;
  • Нерв жана кан тамыр оорулары менен ооругандар;
  • Операциядан кийин;
  • Кош бойлуулар.

Лыжа тээп арыктаса болот

Лыжа тебүү аэробдук күчтү талап кылуучу спорт. Лыжаны кийгенден тартып, токтогончо чуркабаганы менен абдан чоӊ энергияны талап кылат. Андай машыгуулар жүрөк кан тамыр оорулары, дем алуу органдары жакшырып иммунитет көтөрүлөт. Андан сырткары лыжа тебүү арыктай турган адамдардын күнүмдүк машыгуусуна айланышы керек. Лыжа тебүү менен арыктоо болот.

Сноубординг мыкты формада алып жүрүүгө жардам берет

Лыжа менен гана эмес сноуборд менен да ден соолукту чыӊдоого болот. Бул кышкы спорт жылдан-жылга популярдуу болуп баратат. Сноуборд тепкен учурда адамдын бардык булчуӊдары кыймылга келип, дене түзүлүштү мыкты формада алып жүрүүгө жардам берет. Жумасына 1-2 жолу сноуборд тебүү менен имунитетти көтөрүүгө болот.

Коньки буттун булчуӊдарын чыӊдайт

Коньки тебүү бардык адамдын колунан келе бербеген спорт. Муз ыкчамдыкты, ийилчээктикти жана денени бир калыпта кармай турган адамды жакшы көрөт. Коньки тебүү менен буттун булчуӊдарын чыӊдап, белди ичкертет. Коньки тепкен учурда адамда эндорфин гормону иштелип чыгып, маанайын көтөрүүгө жардам берет. Айрыкча кыздар диета кармап арыктайбыз деп кыйналбай эле, жумасына 2-3 жолу коньки тээп койсо бели ичкерип, арыкташат.

Хоккей кан айланууну жакшыртат

Хоккей агрессивдүү, энергияны көп талап кыла турган спорт. Машыгууда дене мүчөнүн баары кыймылга келет, кан айлануу жакшырат. Баш оору, жүрөк кан тамыр оорулары үчүн хоккей эӊ мыкты спорт.

Чана

Чананы балдардын оюну деп коюшат. Андай эмес. Чананы чоӊдор кадимки спорт катары тепсе болот. Ашыкча салмактан арылып гана тим болбостон, кан басымды да калыбына келтирүүгө болот.

Кышкы спорт менен машыгуу үчүн:

  • Токойдо лыжа тепкиӊиз келсе, досторуӊуз менен кошо барганыӊыз жакшы;
  • Ачка машыгууга тыюу салынат;
  • Спорттук кийим да өтө жука болбоосу керек;

Самара САЛАМАТОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here