Чагылган: Бүгүн Акипресс маалымат агенттигине Кыргызстандын Аскер ардагерлери мурунку Коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиевге козголгон кылмыш иши жана ал боюнча жакында Биринчи май райондук сотунун  чыгарган өкүм  тууралуу өз пикрилерин билдиришип, маалымат жыйынын өткөрүштү.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын 22-декабрында Биринчи май райондук соту Өмүралиевди генерал-майордук чининен ажыратуу жана 5 млн. сом айып төлөө боюнча  өкүм чыгарган болчу.

Маалымат жыйында: КРнын Коргоо министринин Ардагерлер кеңешинен Эркин Жуматаев,  Баткен согушунун республикалык комитетинен мүчөсү Сатыбек Молдалиев, жана ушул сыяктуу аскер уюмдардан: Окошов Табылды, Султанкул уулу Нурлан, Юлдашев Фахурдин, Самаков Нурлан баштаган бир катар офицерлер сөз сүйлөштү. Алар:  генерал Өмүралиевге жалпысынан Кыргызстандагы 12 аскер уюмдардагы миңдеген адамдар моралдык колдоо көрсөтүп жатканын жана ага карата козголгон кылмыш ишин жана Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү адилетсиз деп эсептешерин бир ооздон белгилешти.

Окуянын  чоо -жайы: Таалайбек Өмүралиев министрликте иштеп турган кезде Кытайдан кыргыз офицерлерине турак-жай куруу үчүн гранттык түрдө инвестиция тарткан. Натыйжада Бишкектин Жал кичи районуна эки көп кабаттуу үй салынган.  Жалпы жонунан 108 батир 12 кишиден турган комиссиянын чечими менен бөлүштүрүлүп берилген. Мына ошол батирди офицерлерге туура эмес бөлүштүрдү деген айып менен Өмүралиевге эки жылдан соң  кылмыш иши козголгону көп суроолорду жаратып келет.

Кыргызстандагы 12 аскер уюмдары бул маалымат жыйынында президент Сооронбай Жээнбековго да кайрылып, Өмүралиевге козголгон кылмыш ишине көңүл буруп коюшун суранышты.

Бул боюнча Кыргызстандын Аскер уюмдарынын өкүлдөрүнүн жүйөөлөрүн төмөндө тасмадан көрүңүз:

Кыскасы, Кыргызстандын Аскер тармагынын ардагерлери мурунку Коргоо министри генерал-майор Таалайбек Өмүралиев туура эмес соттолуп, генералдык чининен туура эмес ажыратылганын далилдер менен айтып беришиптир… Обращение : Ветераны ВС КР и общественные организации в защиту экс-министра обороны КР, генерал-майора Омуралиева Таалайбека

Опубликовано Айбеком Шамшыкеевым Cреда, 24 января 2018 г.

1 КОММЕНТАРИЙ

Добавить комментарий для Эмил Отменить ответ

Please enter your comment!
Please enter your name here