-Кечээ Ысык-Атадан келе жатып Кой-Таштын дөңүнөн Бишкекти карасам, айланайын шаарым, темир жолдон ылдый капкара ышка чыланып калыптыр. Мен шаарга келген жылдарда (1969-жылы) шаар ичинде автобустар болоор эле, келген элди шаар менен тааныштырган. Ошондо айтчу эле: Фрунзе шаарынын көчөлөрү түштүктөн түндүктү карай салынган, анткени Аламүдүн, Ала-Арча капчыгайларынан таңкы жел шаар ичин желдетип, жакшы эмес жыттардан, түтүндөн тазалап турат деп. Азыр эмне болду? Башы иштеген архитекторлорубуз шаардын башына чыгыштан батышты караган бийик-бийик үйлөрдү салып ташташты, баягы жел шаарды тазалабай токтоп калды, муну ойлогон киши жок. Өгүнү бирөө дөөрүп жатат: эл көмүр жагып жатат, ошондон деп. Эй, мээлүм, 70-80-жылдары шаардын 100%и көмүр жакчу, анда эмнеге мындай ыш каптаган эмес. Азыр элдин көбү газ, свети пайдаланып жатпайбы. Эми шаарды каяктагы капкара ыш басып жатканына мен дагы оюмду билдирейин.

Биринчи орунда машинелерден чыккан түтүн. Өзүңөр айтып жатасыңар, 70-жылдарга караганда азыр шаар ичиндеги машинелер 7-8 эсеге көбөйдү деп. Мурун 1 машине чыгарган газды, азыр 8 машине чыгарып жатпайбы. Туурабы? Экинчи орунда, биз шайлоодо жүргөндө жаңы конуштардын көбү арызданышкан: кийим тиккен цехтердин көбү жаңы конуштарда. Цехтердин иштегенине каршылыгыбыз жок, алар ошол кездемелердин кесиндилерин элге мончого жаккыла деп сатышат. Ошону жакканда анын түтүнүнө адам эмес мал-жаныбыз таң аткыча жөтөлүп чыгат, дешти эле. Көрсө, туура экен, кечээ теледен көрсөтпөдүбү. Цехин иштетсин, калдыгын өзү алыс жакка  алып барып өрттөп же жерге көмсө эле, шаар кичине болсо да тазарганы турбайбы. Үчүнчү орунда ТЭЦ , аны эми Өкмөт башчы Сапар Исаков өзү көзөмөлгө алам дебедиби, ал жигиттин колунан келет, ишене туралы.

Шаар башчысы Ибраимов Албек мырза өзүңүз жогорудагыларды көзөмөлгө алып, баш ийбегендерге катуу чара көрбөсөңүз, шаарды баскан капкара ыш жакшылыкка алып келбейт. Депутаттар дагы ойгонуп, ойлонушса өздөрү тоо жакта жашаганы менен керээлди кечке темир жолдун ылдый жагында иштеп ыш менен дем алып жатышпайбы. Ак үй дагы, Өкмөт үйү дагы ошол тегеректе, ойлонгула.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here