—Бакыт мырза, жазында парламент тарайт экен деген кептер көп айтылууда. Бул боюнча сиздин саясый анализиңиз кандай?

—Эл парламентти  коомдогу, мамлекеттеги күзгү катары көргүсү келет. Ошол күзгү жаман –жакшыны бирдей чагылдырып турса дейт. Ал күзгүгө карап ар ким түздөнгүсү келет. Мына ушул өңүттөн алып караганда биздин парламент эл үчүн күзгүбү? Күзгү боло алган жок . Анан ушундай парламентке элибиз кантип түздөнө алат? Милдетин аткара албай калган күзгүнү эл, адам алмаштырат.  Элибиз президенттик шайлоодон кийин коомдук саясый архитектурасы өзгөрдү. Бирок парламенттин дагы өзгөрүшүн каалап жаткандар абдан арбын. Муну жокко чыгарууга болбойт. Кыскасы, биз парламентти алмаштырууга мажбурбуз.

Сиз эми бийликтин серепчиси катары бийликтин бир топ маанилүү стратегиялык пландарын билсеңиз керек. Жазында чындап эле парламент тарап кетиши толук мүмкүнбү?

—Ишке ашат. Аша турган мезгилге жакындап баратат.

—100 пайыз  кепилдик бересизби?

-Мен андай кепилдик бере албайм, бере турган адамдар башка. Мен өзүмдүн саясый прогноздорумду гана айтам. Бирок реалдуулукка жакындатып айтам. Эгер жазда парламент тарап, шайлоо өтсө, анда албетте жеңиш КСДП тарапта болот. Мен айтат элем, эрте жазда, же жайга жакын парламенттик шайлоо болсо, анда КСДП жеңишти 70 пайызга чейин камсыздайт. Эгер парламент күздө тарап, шайлоо ошол  кеч күздө болсо КСДП 55 пайыз добуш алат. Эгер шайлоо андан ары жылып, кеч болсо, анда 45 -40 пайызга добушка эле жетет. Кыскасы, шайлоону канча эрте өткөрсө бийликке ошончо жакшы. Убакыт өткөрүп чоё берсе, акырындан алсырай берет, башкалар күч топтоп атаандаштыкка жарап баштайт. Саясат, саясый аба-ырайы ар дайым өзгөрүп турат. Муну бийлик өзү деле жакшы түшүнүп турат.

—Сиз жазда шайлоо болсо КСДП 70 пайыз аларын кантип баамдап жатасыз?

—Мен эми эл менен жүрөм. Кыргызстанда төбөсү көрүнгөн ар кыл тармактын  адамдары менен көбүрөөк пикир алмашам. Ар кимдин айтканын өзүмчө талдайм ж.б. Башка саясат таануучулар болсо кыйын. Алар көбүнчө интернет, басма сөз аркылуу контексттик анализ жасашат. Мен антпейм, мен баарына телефон чалам, иш-чарада аралашам. Түз анализ кылам. Негизи Кыргызстандын тагдырын чечип жаткан 100 эле киши, ашып баратса 200. Жок, эки жүз дегенибиз көптүк кылат. Негизинен 100 киши дейличи. Бирок ошолорго таасир берип, тегерегинде жүргөн дагы 400 киши бар. Мына муну да эске алуу керек.

—Оппозиция боюнча эмне айтасыз?

—Кыргыз оппозициясынын аты эле бар. Заты жок болуп жатпайбы. Баары өздөрүн кыйын  сезе беришет. Бири-бирине баш ийгиси келбейт. Өздөрүн бүркүт сезишет. Маселен, өрдөктөрдүн үйүрүнүн башчысы бүркүт болсо ал үйүр жакшы жүрөт. Кор болбойт дегендей. Ал эми бүркүттөрдүн башчысы бүркүт эмес, өрдөк болсо анда болбой калат. Ушул мисалды биздин оппозицияга салыштырса болот. Адамдын ичинде микробдор бар да. Биз ошол микробдорду ар кандай тамактарды жеп багып жатпайбызбы. Мамлекетте дагы ошондой микробдор болушу керек. Бирок биздеги кээ бир оппозициямын дегендер натуралдуу  микроб болуп жатпайбы.

Суроо салган: Айбек ШАМШЫКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here