Былтыр президенттик шайлоонун астында Казакстанга чабагандап, жолбашчысы Өмүрбек Бабановдун оң колуна айланган ЖК депутаты Фархад Иминовдун карааны Чехиянын борбору Прагадан чалдыкты. Ишенимдүү булагыбыздын кабарлашынча, Иминов Бабанов менен биргеликте ал жактагы уйгур диаспорасынын жыйынына катышты дейт. Ага катышпаган соң кандай маселелер талкууланганын так кесе айта албайбыз. Ошентсе да, Кыргызстандагы ири ишкерлердин бири, дагы бир экс-депутаттын “мини курултайга” катышканы көп нерседен кабар бербейби? Анын үстүнө, Ф.Иминов бөлөк өлкөнүн жараны болгондуктан жакынкы аралыкта депутаттык мандатынан ажыратылаары күтүлүүдө. Натыйжада ал дагы Бабановго кошуна болуудан бөлөк аргасы калбайт. Же көнгөн адатынча Кытайдагы эшек бизнесин улантабы?

Өмүрбек Токтогуловичтин “кара чычканы” бар экендиги өткөн жылдагы ажо жарыштан кийин билинди. Ага чапкенедей жабышып, “премьер-министр” боло калган Бакыт Төрөбаев саясый банкротко учураса, Канатбек Исаев темир тордо отуру. Фархад Иминов Европада “саякаттап” жүрү. Тизме муну менен эле токтоп калбаса керек. Анда эмки кезек кимде?

Булак: Багыт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here