Курманбек Бакиев президент болуп турганда баласы Максим Бакиев кызарган жердин баарын басып алганын эч ким унута элек. Албетте, ач көз неменин кулкунун толтурууга көмөктөш болгондордун бир тобу азыр да бийлик сересинде кылы кыйшайбай шапар тээп жүрүшөт. Буга «Бир Бол» фракциясынын депутаты Исхак Пирматов айкын мисал болуп берет. Пирматов Бакиевдердин доору жүрүп турганда «Кыргызнефтигаздын» директору болуп, кирешелүү ишкананы Максимдин тапшырмасы менен жасалма банкрот кылып, менчиктештиргени калганда революция болуп кеткенин, натыйжада 250 миллион сомдон ашык каражатты «жеп» койгонун Башкы прокуратура иликтеп чыгып, кылмыш ишин козгогон. Учурунда «карга карганын көзүн чокубайт» болуп, парламент кылмыш жоопкерчилигине тарттырбай калкалап калышкан. Эми ошол кылмыш ишин Пирматов жойдуруп алыптыр, албетте, бекер болбосо керек. Бирок кылмыш ишин сот аркылуу жокко чыгарып, акталыш керек эле… Пирматов кандай жол менен “ак карга” болуп чыга калды? Бул боюнча иликтөө жүргүзүп жатабыз…
Булак: Фабула