Кечээ күнү К. Молдобасанов атындагы улуттук консерваториянын деканы, улук окутуучусу делген Марина Шипулина тууралуу сайттардын бири порно-тасмага тиешеси бар деген маалымат тараткан. Бүгүн “Акипресске” М. Шипулина, Дарика Асылбашева, Эрке Жумакматова, Бүбүсара Рыскуловалар бул маселе боюнча маалымат жыйынын өткөрүшүп, сайтка чыккан маалымат жалган деп билдиришти.

Шипулина…

Алар мындай маалыматты Шипулина менен мурун чогуу жашаган адам атайылап каралоо үчүн таратып жатат деп эсептешерин, ошондой эле маалымат каражатына консерваториянын жааматы бул боюнча почта аркылуу маалымат жөнөткөнү да жалган деп билдиришти.

Алар мындай маалыматты Шипулина менен мурун чогуу жашаган адам атайылап каралоо үчүн таратып жатат деп эсептешерин, ошондой эле маалымат каражатына консерватриянын жааматы бул боюнча почта аркылуу маалымат жөнөткөн да жалган, ал жасалма дешти.

Алардын айтымына караганда ал адам Шипулинаны кайрадан чогуу жашоону талап кылып жатыптыр. Ал ортодо бул маалыматтар да вотсап аркылуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жетип, ал жактан Шипулинаны убактылуу кызматтан кетирүү боюнча көрсөтмө болгону боюнча да маалымат чыкты. Эмнеси болсо да, бул чуулгандуу маалымат ар тараптуу текшерилиши зарыл болуп турат…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here