Кыргызгидромет 29-январга чейин өлкө аймагында күтүлүп жаткан аба ырайынын божомолун билдирди.

 26-январда абанын температурасы кескин төмөндөп, айрым аймактарда 30 градуска чейин суук болорун Кыргызгидрометтин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн —15…-20 градус, күндүз —10…-15 градус суук, Чүй облусунун түндүгүндө абанын температурасы түнкүсүн —25 градуска чейин төмөндөйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн —9…-14 градус, күндүз 0…-5 градус суук болот. Ал эми Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн —15…-20 градус, күндүз —2…-7 градус, тоо этектеринде түнкүсүн —21…-26 градуска чейин суук болору айтылды.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн —25…-30 градус суук болсо, күндүз —20 градуска чейин төмөндөйт.

Бийик тоолуу райондордо сууктун күчү түнкүсүн —30…-35 градус, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн —40 градуска чейин жетет. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.

27-29-январда абанын температурасы мындан да төмөндөйт.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн —20…-25 градус, күндүз —11…-16 градус суук, Чүй облусунун түндүгүндө түнкүсүн —25…-30 градус, күндүз —14…-19 градус;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн —11…-16 градус, күндүз —2…-7 градус;

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн —17…-22 градус, күндүз —4…-9 градус суук, тоо этектеринде түнкүсүн —23…-28 градус, күндүз —13…-18 градус;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн —30…-35 градус, күндүз —17…-22 градус суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн —34…-39 градус, күндүз —24…-29 градус;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн —40…-45 градус, күндүз —28…-33 градус суук болушу күтүлөт.

Мындай суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Булак:sputnik.kg/

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here