Чубак ажы Жалиловтон суроо-жооптор*…..

*Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим*.

СУРОО: – Эмне үчүн Куранды, намазды кыргызча окуй албайбыз? Арабдар бизден өйдө турабы?

ЖООП: – Эгер кыргыз тилинде түшкөн болсо кыргыз тили өйдө турабы демекпиз. Биринчиден, Кудайдын ыктыяры. Экинчиден, араб тили бай болгондугу үчүн. Үчүнчүдөн, бардык адамдардын баш мыйзамы бир тилде болгондугу талапка ылайыктуу. Курандын кыргызча котормосун окуса болот. Намаздын араб тилинде болуусу шарт. Буга жооп берүү үчүн гезиттин бир бети арналыш керек.

СУРОО: – Атам мас кезинде өзүмдү коргоп мушташып кеткем. Атам мени “жети атаңдын каргышы тийсин” деп каргаган. “Атанын сөзү ок” деп коёт эмеспи. Эми не кылам? Кеңеш бериңизчи…

ЖООП: – Атаңыздан кечирим сурап, тообо кылыңыз. Атаңыз өлтүрүп койсо да унчукпашыңыз керек болчу. Арактын арты ушул.

СУРОО: – Согушта адам өлтүрүп, ок тийип өзүң да өлсөң кыяматта жооп бересиңби?

ЖООП: – Адамды себепсиз өлтүрүү күнөө, жооп берет. Эгерде мекенди коргоп, динди сактап, үй-бүлөсүнүн абийирине тийип, зордуктап жатса өлтүргөн болсо жооп бербейт.

СУРОО: – Апам казакка турмушка чыгып 4 жыл жашап, ажырашты. Азыр турмушка чыккан. Бирок, экөө менен тең жашайт.

ЖООП: – Кандай акмак апа! Андай болбойт. Никеси бары менен жашашы керек. Никеси жогу менен зына эсептелинет.

СУРОО: – Намазды 5 убак окуу керекпи же 2 убак боло береби?

ЖООП: – Бул 5 сом карызым бар, 2 сомун эле берип койсом болобу дегендей сөз. 3 сомун да төлөп беришиңиз керек. 5 маал намаз буйрулган. Намаз окуу менен энергия аласыз, жүрөгүңүз тазарат.

СУРОО: – Адамдын сүрөтүн тарткан күнөөбү?

ЖООП: – Адамдын сүрөтүн фотоаппарат менен тартуу күнөө эмес, кол менен тартуу күнөө.

СУРОО: – Дваваттын мааниси кандай жана максаты эмне?

ЖООП: – Жакшылыкка чакыруу, жамандыктан кайтаруу, динге чакыруу деген сөз. Максаты – адамдарга акыйкатты жеткирүү.

СУРОО: – Ата-энемдин сүрөтүн үйгө илип койгон элем. Периште кирбейт деп жазылыптыр китепте?..

ЖООП: – Сүрөт бар үйгө периште кирбейт. Сүрөт илүү болбогон нерсе, шариятта эле эмес кыргыздын салтында да жок.

СУРОО: – Атам бакшыга үйлөнүп алган. Аялы бизди батырбайт. Атам болсо өзгөрдү, мурункудай балдарым деп эзилбейт, ичип калыптыр. Инимдин тоюна өз атам да, өгөй атам да катышса болобу?

ЖООП: – Экөө тең катышса болот.

СУРОО: – Бир жарым жылдан бери балалуу болбой жатабыз. Кетип калсам болобу? Бирок жолдошумду аябай жакшы көрөм.

ЖООП: – Кетип эмне кыласыз! Адамдар он жылдан кийин деле балалуу болушат. Кудай берген күнү болот. Балким жаш кезде ойноп-күлүп алышсын деп мумкунчулук берип жаткандыр .

*🕌Ислам медиа порталы*

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here