Укмуштуунун тоосу жорголого арналат! Мен бир жылга чукул эн көйгөйлүү болуп келген көп аялдуулук маселесин көтөрүп келемин. Аны кыскача «Эки аял» деп атадым. Бул маселени ачыкка чыгарган кундон баштап азыркы убакытка чейин ар кандай ой пикирлер, сындар, жаман-жакшы көз караштагы сөздөр айтылууда. Ал эмес достор душманга, душмандар доско айланып да кетти. Эми бул ойумда мындай дегим келди. Менин дарегиме улуусу, кичүүсү, тени, тааныбаганы мени билгендей, жакшы тааныганы билбеген адамдай мамиле дагы болууда. Бул маселени козгогонумдун себеби толтура! Ошол эле аялдардын укугу, сойкулук, улуттук дегродация, көп балалуулук, ажырашуу, социалдык тенсиздик жб. Өзүлөрү алыста, бөтөн элде, бөтөн жерде, көр турмуштун айынан жургон кээ бир «тынчыкма катындар» бул маселени кайра-кайра козгогондон уялбайсынбы дейт! Силерден сурайын. Ошол чет жакта жүрүп канчалаган кыргыз кыздарынын намысы башка улутту кой өзүбүздүн кыргыз эркектеринен тебеленип келе жатканын көрүп, билип, ошол маселени чечүүнүн ордуна көз жумуп, кол шилтеп, төшүнөрдү кагып мындай тигиндей коомдун кыйраткычтарыбыз деп мактанып бирок колунардан жарытаарлык иш келбегенден силер өзүнөр уялбайсынарбы!

Мен айтпайм бардык кыргыз кыздар мигрант болуп жүргөнү ит эле болду деп. Арасында бар, ийгиликке жетишип, тармаландап оокат кылып, ал эмес мамлекеттин атын чыгаргандар. Бирок көп учурда көйгөй жараткан маселеге себепчи болгондор дагы бар. Эрсиреди бул катын, бирөөң алып тынчыт жанын, Назира Бегим өзү сойку ошону мыйзамдаштыра албай жатат, бул акмак эл бузар, муну соттош керек, кыргызстандан кууп таштайлы, арапкул, күйөөм менен ажырашсам сенден өчүмдү алам, итсин, эркектер бир катынды багып алсынчы ж.б «аруу сөздөрүн» арнагандар! Силер мамлекетте болуп жаткан кыргыз аялдарына байланыштуу көйгөйлөрдү көрүп, кабардар болуп, өзүнөргө окшогон аялдарды басынткандан, акылыңардын кемдигинен, тайкы ой жүгүртүүнөр менен өз баланарга татыктуу тарбия бералбагандан, күйөөнөргө татыктуу аял боло албаганынардан, мамлекетке тырмактай пайданар тийбегенден, ушакчы, кара мүртөз, накта эл бузар мүнөзүңөрдөн өзүнөр уялбайсынарбы!

Жашоодо эч нерсе корбой, эне болуу, аялдык бакытка бөлөнүү эмне экенин билбей, кыргыз аялына гана таандык касиетти баалап- барктай албагандар мага акыл үйрөткөндөн уялбайсынарбы! Бир катынды эптеп алалы, аялымдан корком, андан көрө жаш кызды бузуп, арам жолдо, арам ойдо жүрөм катыныма билдирбей деген, ушул Бегимге эркек керек тапкылачы экинчи ушул маселени козгобогондой кылайын, башын кесип келсенер менден 500$ дегендер эркек сымал аты бар бирок заты жок шордуулар, силерде кыргыз жигитине таандык, касиет, баатырдык, намыстын жоктугуна уялбайсынарбы!

Бул бироонун заказын аткарып жүрөт, оорукчан, эки эрден чыккан, уялбай элечек кийип келгенин талкууга, светтик өлкөбүздү исламдаштыргысы келет, карангылыкка түртөт деген бейөкмөт уюмдардын шыпыргылары! Силер батыштын манкурт маданиятын, саясатын кыргыз журтчулугуна сиңиргенден, жаштарды сойкулукка үндөп, эркектер адам эмес, эркек менен эркек, аял менен аял уйлөнөт дегендер! Силер кыргызга гана таандык маданиятты, тарыхты, каада салтты, үрп адатты, улууга урмат, кичүүгө ызаат деген тарбияны, чыныгы Кыргыз баалуулуктарын жокко чыгаргандан, мага окшоп элечек кийгенге даап баралбай, абсыйып-сапсыйып жургондон, кыргыздын душманы экениңерден, трайбалист экенинерден уялбайсынарбы! Мен көтөргөн маселемден эч артка кайтпаймын! Ушул маселени алып чыгып ар кандай оорчулукка кабылсам бул жаратканымдын берген сыноосу деп билемин. Жараткан адамдын кучуно, эркине жараша сыноолорду берет. Мага бул нерсени берсе демек мен көтөрө аламын! Мени колдоп, ар дайым таламымды талашып, ден соолугумду сурап, биз сиз менен коркпоңуз деген инсандарыма терен ыраазычылык билдиремин! Жаратканым биз менен!

Назира Бегим, журналист.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here