Бийлик бутактарынын башчылары алмашканы ар ким өз кадрлары менен толуктаары турган иш. Командасы менен келет деген сөз тээ Акаев доорунан модадан түшө элек. Жердешчилик же тууганчылык тууралуу кеп башка.

Акыркы убакта жаңы келген президенти, премьер-министри же министрлерибиз болобу өзүнө баланча-түкүнчөнү кеңешчи кылып дайындап алыптыр деген маалыматтарды угуп жүрөбүз. Анда-санда чыга калган дайындоолор боюнча карап көрсөк, негизинен жаштар келип жатат бул кызматка. Алар кеңеш бергени үчүн акы алабы же жокпу билбейм. Бирок бир нерсени түшүнбөйм. Кеңешчи эмне үчүн жаштардан, эмгеги элге көрүнө элек, мамлекетке кылган кызматы баалана элек, болгону тилинен чаң чыккан, анын ичинде чет өлкөдөн окуп келгендер болушу керек?

Чет өлкөдөн окуп келип кеңешчи болуп дайындалып жаткандар, билими жагынан мыкты болгону менен, иш тажрыйбасы жагынан такшала электер. Анын үстүнө Америка, Англия же Европанын башка өлкөлөрүнөн  билим алгандар кыргыз менталитетинен алыстап калганын көп эле байкап жүрөбүз.

Кыргызда эзелтен эле айылдын аксакалдары менен кеңешип иш кылышчу. Көптү көргөн, көптү билген, барктуу, нарктуу аксакалдар ар бир айылда болор эле. Ошолор айылдын, райондун, андан да кеңири бир чөлкөмдүн көйгөйлүү маселелери козголгондо барктуу, нарктуу кеңешин берип турчу. Маселе чечилчү. Калыс чечилчү. Так чечилчү. Көлдүн айтылуу акелерин алалычы. Андай акелер, керек болсо, Кыргызстандын ар-бир айылынан чыгат. Эми бул тарых. Ал эми бүгүнкү күндөгү мамлекет башындагылардын кеңешчилери кайсы критерийлер менен тандалып жатканы түшүнүксүз. Эмне үчүн тажрыйбалуу, көптү билген, барктуу, даңктуу адискөй адамдарыбыздын көпчүлүгү пенсияга чыгып, коомдук иштерден сыртта калышы керек?! Жок дегенде кеңешчилерди ошолордон дайындасак туура болор беле. Мисалы, айыл чарбасы боюнча академик Ж.Акималиевди, медицинадан М.Мамакеевди, маданияттан Б.Жакиевди ж.б. ушул сыяктуу…

Ушуга үндөш дагы бир маселеге токтолоюн. Ар бир министрликте Коомдук кеңеш же Байкоочу кеңеш жана да Коллегия деген бар. Ошолордун эмне иш аткарарын кеңештин мүчөлөрү өздөрү да билеринен күмөнмүн. Бир гана КТРдын байкоочу кеңеши жетекчисин алмаштырарда чогула калып жүргөнүн теледен көрүп жүрөбүз. Теледеги көрсөтүүлөрдүн, радиодогу уктуруулардын сапаты тууралуу талашып-тартышып талкуулаганын байкай элекпиз. А башка министрликтердин байкоочу кеңеши эмне иш алып барып жатканын ошол тармактагы иштегендер билеринен күмөнмүн. Алсак маданият министринин байкоочу кеңешчилери эмнени байкаарын, курамында кимдер бар экендигин маданият тармагынын өкүлдөрү билбейт деп так айта алам.

Мен анда-санда маданият министрлигинин коллегия мүчөсү боло калып жүрөм (ат тезегин кургатпай министри тез алмашкан тармактын коллегия мүчөлөрү да тез алмашып турат). Маданият тармагында коллегиялдуу кеңешип чече турган маселе огеле көп. Ошонун бири мамлекеттик сыйлык, наамдарды ыйгаруу. Баарыңарга жакшы маалым болгондой ушунун тегерегинде ызы-чуудан арылбай келебиз. Коллегия чечими менен көрсөтүлгөндөр албай, Ак үй, Көк үй тарабынан түшүрүлгөн татыксыз ысымдар наамдарды алып кетип, ортодо коллегия мүчөлөрү менен министр төө бастыда калып жүрөт. Коллегияда маданияттын ар тармагынын өкүлдөрү отурат. Алар кимдин ким экенин жакшы билет. Анан эле кайсы бир атка минердин тойунда, президенттин же депутаттын шайлоо өнөктүгүндө ырдап, бийлеп койгондор наамдарды алып жатса кесипкөй адистер четте кала беришет экен. Арызыңды, арманыңды кимге айтарыңды билбейсиң. Бир дагы кеңеш же коллегия муну чечип бере албастыгын көрүп жатабыз. Акыркы чечимди Ак Үйдөгү Мамлекеттик наам жана сыйлыктар боюнча бөлүмдүн комиссиясы кабыл аларын баары эле биле бербейт.  Сыйлык, наамдарды ыйгарууда акыйкаттык таптакыр жоголуп, жыл сайын мындай терс тенденция өсүп баратат. Бул маселеде Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекет башчы, өкмөт башчы, алардын аппарат башчылары, кеңешчи, жардамчыларына чейин кийлигише берип наам таркатуудагы алешемдиктер апогейине жетип, сыйлык наамдардын баркы таптакыр эле түшүп калды.

Сыйлык, наамга болгон терс көрүнүш Россияда да бар окшобойбу, кечээ жакында В.Путин Россиянын көзгө басар маданият ишмерлерин чогултуп алып наам ыйгаруу мыйзамын талкуулап жатат. Бизде да бул маселеге олуттуу көз караштагы мамиле кылбасак болбой калды.

Министрлерди, кеңешчилерди, жардамчыларды, деги эле ар кандай кызматка дайындоодо, наам, сыйлыктарды ыйгарууда калыстык, акыйкаттык качан болот деген суроо узак убактан бери эл арасында жашап келет.

 

Турдубек Чокиев, Композиторлор союзунун төрагасы,

 мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here