Учурда кожойкелердин түй   шүгүн бир топ эле жеӊилдетүүчү каражаттар чыкты. Идиш жууда, ар кандай каражаттар майды, кирди оӊой кетирет. Бирок, дарыгерлердин айтымында ашказан, ичеги-карын жана тери ооруларынын көбү биз колдонгон идиш аяк жуучу химиялык каражаттардан улам пайда болоорун көптөр биле бербесе керек. Себеби, чайкагандан кийин ал каражат идиштен толук кетти деп ойлойбуз. Бирок, кетпей эле, идишке жабышып калып, ага ысык тамак куйганда ээрип, тамак менен кошо ашказанга кирет тура. Себеби, ал каражаттардын курамындагы анион, катион, амфотердүү, ионогендүү эмес заттар, фосфат, хлор, фталат  идиштеги май, кирлерди оңой кетиргени менен кошулмалардын калдыктары идиште калып калат. Ошондуктан идиш-аяк жуучу каражат менен жууган соң 1 эле тарелканы 5 жолудан кем эмес чайкоо керек. Ошондо да кошулмалар толук кетти деп айтууга болбойт. Анткени идиштеги суунун тамчыларында да жогорку активдүү заттардын аралашмасынын калдыктары калат.

Организмге тийгизген терс таасирлери:

– Идиш-аяк жуучу каражаттардын курамындагы жогорку активдүү заттар синтетикалык болуп эсептелгендиктен организмге барганда ууланууну пайда кылат.

– Ичеги-карында шишиктин пайда болушуна алып келет.

– Аллергия баш болгон тери ооруларын козгойт.

– Каражаттардын курамындагы хлор анемия, атеросклероз, жадагалса онкологиялык ооруларга жана тукумсуздукка алып келет.

—          Курамында аз пайыздагы жогорку активдүү заттар барын тандаңыз. Майды кетирүү үчүн 5 пайыздуусу да жетиштүү. Бул ПАВ (5%) деп белгиленет.

Самара САЛАМАТОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here