Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекттик жеңилдетилген насыялар аймактарга туура эмес бөлүштүрүлүп жатат деп сынга алды. Ал Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун каражаттары плансыз, системасы жок берилип жатканына токтолду:

— Айрым аймактар өнүгүп, башкаларга көңүл бурулбай калып жатат. Ошондуктан инвестициялык каражаттардын ар бир аймактын кызыкчылыгына жана өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнүшү зарыл. Айылбанк, Кепилдик фонду, РСК банк муну эске алышы зарыл, — деди президент.

Жээнбеков аталган каржы уюмдарына элет жеринде өндүрүш ачууга багытталган долбоорлорго артыкчылык берилиш керек деп тапшырма бергенин кошумчалады.

2018-жыл президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Аны ишке ашыруу максатында түзүлгөн жумуш тобунун курамына министр, облус башчы жана башка бийлик өкүлдөрүнөн 39 адам кирген. Бүгүн жумуш тобу алгачкы жыйынга чогулду.

Жыйында мамлекеттик бюджеттин 80 пайызын Бишкек менен Чүй толтуруп жатканы айтылды.

Булак:Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here