—Ахат, жаңылбасам сен чыгармачыл үй-бүлөдө тарбиялансаң керек?..

—Туура баамдаптырсыз. Мен өзүм таланттуу адамдын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Өзүмдүн атам Абдиллааким Артыкбаевдин 60ка жакын обондуу ырлары бар эле. Ал кишинин учурда көзү өтүп кетти. Көзү тирүүсүндө атамдын ырларын көп укчу элем. Негизи эле обондуу ырларды укканда аябай толкунданып кетчүмүн. Анан ичимден өзүмчө эле бук болуп кыйналып жүрө берчүмүн. Ошондо улуу эжеме ырдагым келип жатканын айтсам ал колдоп,талантымды баалагандыктан ырдаганга аракет кыла баштадым. Мектепте окуп жүргөндө эле конкурстарга катышып ырдачумун.

—Ырчы катары чыгармачылыкта кандай жаңылыктарың бар?

—Буга чейин “Атама” деген ырыма  клип тарттыргам. Буюрса бул клип жакшы эле болду го деп ойлойм. Бул ырым айрым телеканалдардан көрсөтүлө баштады. Радиолорго болсо жакында бере баштайм. Азыркы кезде экинчи клиптин үстүндө иштеп жатабыз. Репертуарымда төрт ыр бар. Бул ырлардын баардыгы тең атама тиешелүү. Себеби атамдын ырлары унутулуп калбашы үчүн өзүм аткарууну туура көрдүм. Анткени атам ырларын көп эле аткаруучуларга берген. А бирок алар качан ырдап чыгарын билбейм.Тойго атайын чакырылып аз эле баргам.

—Ырчы болуп элге таанылыш оңой эмес. Чыгармачылыгыңды колдогон демөөрчүлөрүң барбы?

—Продюсери жок эле өзүм аракет кылгандыктан ыр жаздырганга, клип тарттырганга акча каражатын өзүм табам. Тактап айтканда, өзүмө-өзүм демөөрчүмүн десем болот. Мага өзүмчө эле иштеген ыңгайлуу экен деп ойлоп калдым. Себеби ырдай турган учурда эки күн уйкудан калып, жан дүйнөм сыгылып кетет.

—Алгачкы жолу чоң сахнага кайсы учурда чыктың эле?

—Ала-Бука районунун 80 жылдык мааракесинде спорт ордосунда болгон чоң программадагы концертке катышкам. Ошондо алгачкы жолу чоң сахнага чыккам. Башкалар чоң сахнага чыкканда сүрдөсө, а менин үнүм ачылып кетет. Элдин алдына чыкканда ого бетер эргүү келет. Үндү калыптандыруу үчүн раматылык Мурадил агайдан (ред-Сагыналиев) бир аз сабак алып калдым.

—Өзүң  обон чыгарганга аракет кылдыңбы?

—Учурда өзүм үч-төрт обон чыгарып койдум. Бирок баары азырынча купулума толбой жатат. Андыктан дагы жакшылап иштеп чыккандан кийин гана элге тартуулаймын.

—Учурда таш ыргытсаң эле ырчынын башына тийе турган заман болбодубу. Ырчы болгондон бери  бирөөлөрдүн терс пикирин уга элексиңби?

—Бул эптеп жашаш үчүн тойлорго барып ырдап жатат деген сынды уга элекмин. Себеби мен атамдын жолун тандаш үчүн ырчылык кесипти тандагам. Жаратканым мага күч-кубат, ден соолук берип турса өмүрүмдүн аягына чейин чыгармачылык менен алек болом.

—Жакшы тилегиң бар экен. Сенин оюңча чыгармачыл адам кандай болушу керек?

—Чыгармачыл адам эң биринчи жөнөкөй эле болгону жакшы окшойт… Эми адам ар кандай болот да. Ошон үчүн ырчы керсейип өтө эле “звезда” болуп кетпей элге жакын болушу керек.

—Эми маегибиздин нугун башкага бурсак. Буга чейин эч таштай албаган кандай адатың бар?

—Мен бирөөлөргө көбүрөөк ишенип коём. Мунун айынан жашоомдо бир топ эле мүдүрүлдүм. Азыр ушул адатымды таштаганга аракет кылып жатам.

—Досторуң  менен мамилең кандай?

—Досторумдун баары чыгармачылыгымды аябай баалашат. Баардыгыбыз ынтымактуубуз. Дегеле мен  дос тандаганда анын адамдын  карабайм. Андыктан досторумдун баардыгына  бирдей мамиле жасайм. Ошону менен баарына жагам.

—“Аааламга кеткен жол—айылдан башталат” деген сөз бар эмеспи. Айылың тууралуу да айтчу сөзүң бардыр…

—Менин айылым аябай кооз жер болуп эсептелет. Абасы таза, суулары тунук дегендей.  Кыргызстанда жаратылышы, кен байлыгы жагынан экинчи орунда турат деп айтсам болот. Өзүмдүн айылыма барганга башкача сезимде болом. Айылыма көбүнчө апамды көргөнү барам. Өзүм бир үй-бүлөнүн эң кичүүсү болом. Биздин үй-бүлө таланттуу адамдарды үй-бүлө болуп эсептелет.

—Ырчы катары келечекте алдыга койгон кандай максатың бар?

—Кыргызстандын маданият тармагынын өнүгүшүнө чоң салымымды кошсомбу деген алдыга койгон чоң максатым бар. Кудайым күч-кубат берип турса колумдан келишинче аракет кыламын. Мен азыр өзүмдү чыгармачылыктын биринчи тепкичтеринде жүрсөм керек деп ойлойм. Ошон үчүн мындан да бийик  мен чыга турган тепкичтер али алдыда… Менин кубанганым, атамдын шакирттери  дайыма кеп-кеңештерин айтып колдоп турушат.

—Маек соңунда элге кандай каалооң бар?

—Биринчиден, кыргыз элиме тынччылык, ынтымак каалаймын! Кыргыз эли ынтымактуу болгондо гана мамлекетибиз өнүгөт!

Маектешкен: Нурлан  ИСАМАТОВ.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here