1-Бөлүм: 2-Бөлүм: 3-Бөлүм; 4-Бөлүм; 5-Бөлүм; 6-Бөлүм;   7-бөлүм

Андан ары эмне болгонун билбейм. Арадан канча убакыт өткөнүн деле ажыратып биле албадым. Боолголоп көрсөм көп убакыт өтсө керек. Көзүмдөн ачуу, ысык жаштар куюлуп, тамагым кургап, өлөрчө өзөрүп калганымды сездим. Көзүмө биздин үй эмес, башка үйдүнбү, айтор башка шыптар көрүндү. Эмнеге бул жерде жатканымды деле билбей, башым дале маң болуп турду. Мен жаткан бөлмөнүн ичин жакшылап карасам, жанымда эч ким жок. Ооба, мен жаткан жер ооруканага окшоп турат. Бирок жанымда эмнеге балам Бактыбек жок. Жүрөгүм шуу дей түштү. Баламды эстей койгонума аябай сүйүнүп кеттим. Ордумдан турайын десем, дарманым жок. Болгон үнүм менен: -Бактыбек, балам! – деп кыйкырдым. Экинчи кайталап кыйкырганымда, эшик ачылып, эшиктен сакалы белине түшкөн, селде оронгон, аксакал адам кирип келди…

Ал менин телмире тиктеп:

-А, кызым ойгондуңбу? Туугандарыңды өтө эле коркутуп койбодуңбу?- деди.

-Мен каяктамын. Эмнеге бул жакта жатам? – деп сурадым.

-Сен ооруканада жатасың. Мени жолдошуң чакырды эле, дем салып берип коюңуз деп. Үч күндөн бери дем салып жатам. Кыскасы, доктурлар өз иштерин кылып жатышат го, сен биринчи кезекте катуу чоочуп, бир нерседен абдан коркуп калган экенсиң.  Эки күн жөөлүп чыгыпсың. Эми Кудай буйруса, жакшы. Айтчы кызым, эмнеден улам мынча чоочуп, өзүңдү жоготуп жатасың?

Мен эмне деп айтаарымды билбей калдым. Көз алдыма көргөн түштөрүм элестей түштү.

-Мм. Билбейм…

-Билесиң. Сен ал жаман ойдо болуп, ошол ойлоруң жүрөгүңө сиңе түшсө керек. Ошондон улам, жаман түштөрдү көрүп, анын баарын ишенип, өзүңдү кыйнап, коркуу сезимиңди  күчөтүп жибергениңиди байкап турам. Тамырың бир калыпта эмес. Жүрөгүң да бир калыпта сокпой тез-тез согуп жатат.

Ал бир саамга тынып калганда. Мен аны көзү ачык го, менин өткөн турмушумду элге ачыкка чыкпаган купуя окуя, сырларымдын баарын билеби деп чоочуп кеттим да, ал сүйлөгөнчө:

-Сиз баарын билесизби? Көзүңүз ачыкпы? – деп сурап жибердим.

Ал киши мени карап койгон жок. Терезени телмирип тиктеген абалда сөзүн улады:

-Мен көзү ачыктардан эле эмесмин. Бирок мени эл көзү ачыктай кабылдашат. Анткени 30 жылдан ашуун эл дарылайм. Өткөн, кеткен окуяларын анча-мынча айтам…

-Анда сиз көзү ачыктардан турбайсызбы?- дедим сөзүн бөлүп…

-Жок кызым, менин көзү ачыктыгым деле жок. Болгону тамыр кармайм. Тамыр аркылуу адамдын ички туюмун, аны менен кошо дартын аныктаса болот. Мени ата-бабаларым тамырчы болгон. Мен алардын жолун жолдоп келатам. Мага ишенгендер да, ишенбегендер да көп. Мен айтат элем мага көрүнгөн адамдар биринчи кезекте ишенич менен келиши керек. Бирок менден мурун адам кандай болгон учурда Кудайга ишениши зарыл. Биз канчалык өзүбүздү кыйын сезсек да, Кудайдын алдында бир байкуш, алсыз пендебиз. Ошол пендечиликке алдырып, убактылуу жашоодо көп күнөө кетиребиз. Сен кызым мени жаман көрбө. Мен сага жакшылык гана каалайм. Жаш экенсиң, жаштыгыңды болоор – болбос кайгы менен талкалаба.  Өзүңдү бекем карма! Адам өзүн жеңе билгенде гана күчтүү боло алат. Андыктан көп кайгырба, баары жакшы болот.

Мен бул аксакалдын айткандарын баарын туура көрдүм. Сөздөрүнөн ката издеп, таппадым. Ал терезе жанынан басып келип, менин жаныма олтурду да,  мага күтүлүп-күтүлбөгөн суроо салды:

-Кана кызым, мага айтчы. Кимден, эмнеден улам мынчалык чоочуп жүрөсүң? Жашырбай мага баарын айта берсең болот. Эң башкысы мага ишенсең болот. Мен сага жардам бере алам.

Мен анын бул сөздөрүнө таң калып калдым. Жардам берем десе эле бардык сырды айтып салыш керекпи? Балким ал менин сырларымды билип алып, кайра менден сурап тактап, тууралап жаткысы келгендир. Эмнеси болсо да, мен ага эч нерсе айтпайм. Ушундай чечимге келдим да:

-Кечирип коюңуз. Мен сизди жакшы түшүнбөй турам. Эмнеге сиз бул жерде жалгыз. Менин туугандарым, балам кайда? Менин эч нерсем ооруган жок. Врачтары кайда экен – деп нааразы түр менен сүйлөп, өйдө турууга камданып, козголуп калганымда ал мени колумдан акырын тартып жардам кылып койду да:

-Мейли эч нерсе айткың келбесе. Бирок эсиңе түйүп кой. Мен керек болуп калсам, дарегимди жолдошуң  билет. Сурап аларсың.  Туугандарың бул жерде. Мен сенин ойгонгонуңду айтып коём. Кызым, жакшы болуп кет – деп коштошуп чыгып кетти. Ал чыгары менен эле атам, апам,Улан жана врач кошо кирип келди. Алар мага жалынып-жалбарып жатышты. Врач бир сыйра текшерген соң, абалым жакшы экенин айтты. Эртеси күнү үйгө чыгып келдим.

Туура бир жумадан кийин Улан Москвага кетти. Мен баламды кучактап баягыдай эле жалгыз калдым. Кайын энем мага мурункудан  да көп жалынып-жалбарчу болду. Терип-тепчип көп нерсе сурайт. Мен болсо ачылып баарын айта албайм. Ал акыркы учурларда маркум абышкасын сагынып жаткандан уламбы, айтор аны көп эскерип, көп куран окутчу болду. Тамак жасаган сайын байкуш кайын атама куран багыштайбыз. Мен куранга каршы эмесмин. Көбүрөөк куран окутулуп турушун калайм. Бирок кайын энемдин абышкасынын айрым окуяларын кайра кайра айтып,  менин кулагыма кумдай куя бергени жакпай кетти.

Бир күнү тамак ичип, апам өзү куран окуган соң баламды колуна кармап эркелетип жатып:

-Раматылык чоң атаң өлбөй аман жүрсө, сен аны кандай кубантат элең. Жөн эле бакытка балкытмаксың да. Байкушум, билинбегени менен бир топ эле баласак болчу. Бирок ал сени кимге окшотот эле…

Апамдын ушул сөзү кулагым шак дей түштү. Кулакка эле эмес жүрөккө теменедей тепчилип калгансыды. Идиш жууп жаттым эле, ушул сөздөн улам колумдагы чыным түшүп, сынып кетти. Анын темирге тийип жаңырган үнүнөн улам, апам чоочуп кетип:

-Ай, эмне болуп кетти? Бир жериң ооруп турабы?- деп сурап калды.  Мен апам менен балама жүзүмдү бурбай туруп:

-Жок, баары жакшы эле. Эч нерсем ооруган жок. Колумдан түшүрүп алдым- деп каратып туруп калп айттым. Төрт-бешке чачырап кеткен чынынын сыныктарын  чогултуп, калакка салып эшикке чыктым. Эшиктин электр жарыгы чакыйып күйүп турат. Дарбазанын жанындагы акыр-чикир салган челекке калактагыны салып, үйдү көздөй бурулуп, бет алганымда огород жак тараптан мени бир караан акмалап карап турганы мага даана байкалды. Аны жакшылап кароого батына албай, жүрөгүм оозума тыгыла түштү. Көрмөксөнгө салганысып, болгон арышымды керип үйгө чуркап кирдим. Каридордо туруп, өзүмдү бир аз карманып, кайра терезени көздөй кадам шилтеп, акырын огород тарапты карадым. Баягы менин көзүмө чалдыгым жаткан караан көрүнбөйт. Эс ала түштүм. Менин көзүмө көрүнүп кетти окшойт. Ушундай да болобу?

Үйгө кирсем, апам баламды уктатып койгон экен. Ал мени карап:

-Ай, эмне болу сага, өң-башың бузулуп кетиптир. Сенин дагы бир жериң ооруп турат окшойт – деп чочугандай сүйлөдү. Мен апама эшиктен көзүмө киши көрүнгөнүн айтсам, ал “ой, кайдагыны айтасың” деп койду да. Бир аз тынымдан кийин:

-Жүрү, не бар не жок. Эшикти бир карап коёлучу. Сенин да, менин да көңүлүм тынчысын – деди.

Эшикке чыккым келбей турса, апамдын артынан унчукпай айла жоктон жөнөдүм…

(Уландысы бар)

 Залкар Заманбеков

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here