Буга чейин биздин сайт биринчилерден болуп Чүй төрөтканасында 5 күн комада жатып, эсине келбей каза тапкан 42 жаштагы Роза Жусубалиева тууралуу маалымат жарыялаганбыз. Кечээ күнү биздин журналисттерден төрөттөн улам каза тапкан  бул аялдын туугандарына барып, жолугуп, көз көрсөтүп келди. Маркум Роза Жусубалиева үй-бүлөсү менен Токмокто жашап келгени менен, анын сөөгү Орловка шаарчасын бүгүн жерге берилди. Кыязы, күйөөсү Байыс мырзанын жердиги ошол шаарчадан болсо керек.  Орловка шаарчасынын Шолохо көчөсүндөгү Байыс мырза менен маркум Роза айымдын туугандары кайгыга батып, сыздап жатканын чыдап көрүү абдан оор болду. Маркумдун кайын энесиндей болуп калган абысыны Зейне Жакшыбаеваны кыскача кепке тарттык. Ал буларды айтып берди:

Розанын кайын атасы менен менин күйөөм бир тууган. Бирок Роза мага өзүмдүн келинимдей эле болуп калган болчу. Бүт сырын мага айтчы. Ал Чүй төрөтканасында жатканда байкушум мага: «Врачтар сенин операцияң оор болот деп айтып жатышат. 8 миң сом сурашты. Бирок андан деле көп алышат го»- деп айткан эле. Биз эми айла жок сураганын таап беребиз деп турганбыз. Мен министрге барайын, арызданайын десем болбой койду: «Барбаңыз коркуп жатам, баламды бирдеме кылып салышса да, тынч эле эптеп төрөп алып, чыгып кетеличи»- деп. Мен анын сөзүн угуп калдым.

Чынында врачтарга нааразыбыз. Келинимдин өлүмүнө түздөн-түз дарыгерлер күнөөлүү. Лебединовкадагы Чүй облустук аймактык ооруканасы базар болуп кеткендей элес калтырды. Дарыгерлер бизден акча доолап жатып, ушул күнгө чейин алып келишти десем болот. Оор абалдагы адамды дароо операция кылуу керек болчу. Ал ымыркайды сактоо үчүн бир ай ооруканада жатты. Келиним 15-январь күнү өзүн жаман сезип, дааратканадан абдан көп кан кетиптир. Ошондо сиңдиси Анарага чалып, аны чакырып: «Мени азыр операция кылышат окшойт. кан аябай көп кетип жатат. Мен коркуп жатам» дептир. Анара мүмкүнчүлүгүнө жараша жетип келсе, операция кылып жатышыптыр. Аны : «кан алып кел» деп жөнөтүп жиберишиптир. Кыргызстанда жок Убертид деген дарыны таап келгиле дешти. Москвадан таап, бул жака алдырып жатсак, аны Бажыдан өткөрбөй коюшат экен.

Роза Жусубалиева

Анан мен келдим.  Алгач ага күчтүү наркоз беришип, операция учурунда гана жалпы наркоз сайышкан экен. Роза болсо мага общий эле наркоз бергилечи деп абдан сурагныптыр. Болбой дагы бир наркозду белине берип салышыптыр.  Ошол наркоздон ойгонбой калды. 5 күн комада жатып,20сында каза таап калбадыбы. Каза болгондо Республикалык гинекологиянын жетекчиси Раиса Бейшенбекова келип, баарын сурап, өзү иликтөөгө аларын айтты. Министр да адилет изилдейм деп айтыптыр.

Абдан кыйын, дыкат аял экен. Биз ага ыраазы болдук. ИИМге арыз жазгыла деди. Жаздык. ИИМден келишип, кылмыш козгошуп, иликтөөнү башташкан.

Акыйктаттык болсун деп  келинибиздин сөөгүн экспертизага бердик. Атайы иликтөө комиссиясы түзүлгөн. Жалпы жыйынтыгы бир айда чыгат дешти.
Келинимдин артында 5 баласы калды. Бир кызы майып.  Маркум келинимдин улуу кызы турмушка чыккан. Андан кийинкиси  9 жашта, үчүнчүсү 6 жашта, төртүнчүсү 5 жашта. Ал эми, эң кичүү ымыркайы эркек болду. Азыр ал төрөтканада. Баш аягыбызды жыйып алып, анан алып кетебиз го.  Операция аркылуу жарыкка келген ымыркай 2 кг 800 грамм салмактагы уул бала. Чынында врачтар келиним оор абалда болуп турса да, тагырагы  айтканда 20-декабрдан бери операция кылбай кармап коюшту.

Роза Жусубалиева…

Күн сайын ичи ооруп, кан кете бериптир да, көрсө. «Күтө тур, балаң чоңойсун» деп айта  беришиптир. Азыр 600 граммдык баланы деле аман төрөтүп жатышат. Карапайым элдин үнүн эч ким укпай калды. Роза менен 4 күн чогу жаткан Талантбек кыз деген келинди дагы врачтар операцияга албай, кыйнашыптыр, акча сурап,  ал байкушка күйөөсү, туугандары бир нече күндөн кийин эптеп 8 миң сом таап беришкенден кийин, дароо 15 мүнөттө операция кылышыптыр.

Кыскасы, врачтар акча жок такыр кыймылдашпайт экен. Биздин Розанын өлүмүнө түздөн-түз врачтарды күнөөлөйбүз. Алар чоң ката кетиришти.

Байкуш Розабыздын күйөөсү Байыстын деле ден-соолугу начар. Курулушта иштеп жүрүп, белин оорутуп алган экен. Кээ бир учурда эле убактылуу жумуш табылып калса иштеп калчу. Болбосо үйдө балдар менен олтурчу. Маркум Розабыз такай эле Токмоктун базарына чыгып, нан сатып иштечү. Эми эмне кылабыз ушундай болуп калды. Розанын өз апасы Жыпар кудагыйыбыздын дагы ден соолугу начар, араң эле жүрөт. Атасы Азимкан кудабыздын ден-соолугу начар, карып калды. Көзү көрбөй  калган. Кыскасы, ал кудабыз ден-соолугуна байланыштуу  бул жакка келе албай, Нарында боздоп жатат. Ал эми Розанын кайын энеси да карыды. Эки жолу инсульт алган. Ал да эптеп эле жүрөт. Эми ушунча адамдын баары сыздап кала берди.

Зейне Жакшыбаева ушуну менен сөзүн жыйынтыктап, эртең прокуратурага арыз жазыша турганын кошумчалады.

Жусубабалиева Роза 1976-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. Ал төрт бир тууган эле.

Шолохов көчөсү…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here