Ал ырчы айымды 2013-жылдары пулемёт менен атып салышкан деген маалымат тараган. Себеби, ал ырчы кыз бир нече адамдар менен бирге чоңдор үчүн кинону , Бибилияны сактап жүргөн деп айыпташкан. Түндүк Кореянын Кытайга, Батышка  жакшы таанымал  Хен Сон Воль аттуу ырчысы өлбөй эле тирүү экенин, жакында коомчулукка чыкканын Ренхап басылмасы жазып чыкты. 2006-жылдары бул кыздын жылдызы жанып баштаган. Түндүк Кореянын азыркы президенти Ким Чен Ын аны менен 2000-жылы таанышып,  «өздүк» кылып ээлеп алган. Аялдыкка алуу максаты ишке ашкан эмес. Себеби, ал кезде  Ындын атасы президент эле жана баласынын бул максатына каршы болгон. Кийин Ким Чен Ын бул кызды «Моранбон» аттуу Түндүк Кореянын көзгө басар ансамлине солист катары өзү тандап кошкону айтылган. Ын атасы өлгөндөн кийин бул ырчы айым менен ысык мамилесин кайрадан улата баштаган деген маалымат чыкканы менен, башка бир ырчы кызды аялдыкка алган. Ал эми бул ырчы кыз аскер адамына турмушка чыгып, балалуу болгондугу айтылат.

Автор: Изат Имакеева

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here