Чагылган: “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен белгилүү, уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү болуп саналган Чыңгыз Жумагуловдун «оң колу» катары айтылып жүргөн Самарбек Жолдошев жатак абакка чыгарылганын  “Азаттыкка” үналгысына Ысык-Ата райондук сотунун төрагасы Марат Канулькулов билдирген. Бул боюнча чечим 3 күн мурун кабыл алынганю Буга №3-түрмө башчысынын сунун себеп болуптур.   Жолдошев 2016-жылы Биринчи май райондук сотунун чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылган эле. Ага 4 оор берене менен кылмыш иши козголгон. Бул адам Көлбаевдин ишенимдүү адамдарынын бири Чыңгыз Жумагуловдун жакын шериги, оң колу катары ИИМдин УКТ боюнча тизмесинде катталып келген. Киши өлтүрүүгө айыпталып, 17 жылга кесилген Жумагуловдун сырдуужагдайлар менен минтип , 1-2 жылдын ичинде эркиндикке чыгышы коомчулуктун кызуу талкуусуна алынды. Бул  боюнча бийлик оозуна талкан жутуп алгансып унчукпай келет.

Ал эми ИИМ болсо сотторго шылтайт. Сооттор абак башчыларын жана жаңы ачылды деген жагайдаларга шылтайт. Ошентип, бул маселенин курйруг жок болуп, көптөгөн  суроолорго жооп жок калып келет. Негизи бул шайлоодо криминал чөйрөсү бийлик үчүн кызмат кылганын коомчулук билип, көрүп турду. Бийлик болсо эми алардын эмгегин актап, аларга эрикиндик тартуулап жатабы деген суроо туулбай койбойт. Ал эми төртүнчү абактын башчысы менен Самарбек Жолдошевдин мамилесин текшерүү керек. Абак башчысы УКТ мүчөсүн сүйлөшү жолу менен атайылап жатак абагына чыгырып жатышы мүмкүн. Жатак абагына чыккан адам толук эркиндикке тез эле жетери турган иш… Деги абакта ким калды? Калып калса,калган «караларды» дагы чыгаргыла…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here