Кара чекит көйгөйү жада калса өзүнө кам көргөн айымдарды дагы тынчсыздандырып келет. Бул чекиттер көбүнчө теринин тазалыгы гормоналдык фондон түздөн-түз көз карандыболгон өткөөл куракта пайда болот.

Бирок, эгер мындай проблема сизди бойго жетип калган учурда дагы коштоп жүрсө, анда анын себеби жөнүндө ойлонууга туура келет. Кара чекиттер туура эмес тамактануунун айынан пайда болушу мүмкүн. Сапатсыз косметика же терини скраб менен интенсивдүү тазалоо дагы терс таасирин тийгизет. Кандай гана себеп болбосун, аны тезинен жок кылуу керек. Биз сиздин ден соолугуңузга кам көрүп, кара чекиттерге каршы керемет каражаттардын рецеби менен бөлүшүүнү туура көрдүк.

Лимондун тең экиге бөлүп, бир бөлүгүнүн (0,5 лимон) ичин бир аз оюп, ага бир аз бал (1/4 чай кашык) салып коюңуз. Бетиңизге лимондун ширелүү маңызын сүртөсүз, проблемалуу бөлүктөргө өзгөчө көңүл буруңуз. Бал менен лимондун аралашмасын бетиңизде 5-6 мүнөт кармап туруп, андан соң аны ромашканын кайнатмасы менен жууп салыңыз. Мындай процедураны жумасына 2 жолу жасоо сунушталат. Биринчи колдонуудан кийин эле теринин түсү тегиз болуп калгандыгы байкалат.

Ал эми кара чекиттерден арылганыныз убакыттын өтүшү менен өзүңүзгө байкалат.

Салтанат Саламатова.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here