Кыргызстандык Саида Жээнбаева Al Ansari Exchange — Winter Promotion – 2017 конкурсунун баш байгесин утуп алды. Ал Бириккен Араб Эмирлигиндеги эл аралык валюта биржасы менен Al Ansari Exchange акча которуу компаниясы тарабынан өткөрүлгөн.

Конкурс ноябрда башталып, 31-декабрга чейин уланган. Кыргызстандын тургуну 400 долларды компаниянын филиалынан алмаштыргандан кийин конкурстун катышуучусу болуп калган.

Анын жеңүүчүлөрү жакында эле Дубайда жарыяланып, Жээнбекова баш байгени жеңип алган. Негизги белек «кыялдагы үй» деп аталат. Конкурстун эрежеси боюнча ага 500 миң дирхам (136 миң доллар) берилип, ага өзүнүн кыялындагы үйдү сатып алса болот.

«Кубанганымды сөз менен жеткире албайм. Башында утканыма такыр ишенген жокмун. Эми туулган жеримде кыялымдагы үйдү сатып алууга мүмкүнчүлүк бар. Al Ansari Exchange компаниясына кыялымды орундатууга шарт түзүп бергени үчүн ыраазычылык билдирем», — деди Жээнбекова.

Конкурста ошондо эле бир килограмм алтын ойнотулган, аны индиялык Кулдип Сингх утуп алган.

Булак:sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here